Ал мындай пикирин “Азаттык” радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүндө билдирди.
«Эгерде "Кыргызстандын жүгүн көтөрүүгө даярмын" деп айткан азамат ушуну менен келбей койсо, анда саясий инсан катарында өзүнүн ордун биротоло жоготот» - деди Мадумаров.
Ал эми “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев: «Бабанов шайлоо алдында элге айткан сөздөрүн далилдеши керек» - деген пикирин айтты.