Президент Алмазбек Атамбаев 16-ноябрда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы "ЕАЭБге кирүү шартында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү" жөнүндөгү макулдашууну, жардам берүү жана техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу келишимди денонсациялоо боюнча мыйзамга кол койду.
Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Эми КР ТИМ Астанага бул тууралуу маалымдап, нота жиберет.
Ал эми Казакстандын каржылык жардамынан баш тартууну өкмөт сунуштаган. Анын себеби, ал каражатка муктаждык жок.
Эске салсак, Казакстан 2015-жылы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулганына байланыштуу техникалык регламенттерди жүзөгө ашырууга жардам иретинде 100 миллион доллар бермек.