Жогорку Кеңеште бош калган «Республика – Ата-Журт» фракциясынын лидерлигине депутат Талант Мамытов менен Курманкул Зулушев ат салышып жатканы ачыкталды. Бул тууралуу аталган фракциясынын мүчөсү Үмбөталы Кыдыралиевдие билдирүүсүнө таянып бүгүн, 14-ноябрда АКИpress агенттиги маалымат таратты.
«Азырынча баары толук ачык эмес, жакынкы убактарда биз бул тууралуу маалымат беребиз. Бирок, мен азыр лидерликке көрсөтүлүп жаткан эки талапкерди билем. Алар Талант Мамытов менен Курманкул Зулушев. Маселе фракциянын жакынкы жыйындарында каралат», - дейт ал аталган агентикке.
Эске сала кетсек, аталган эки талапкер тең Камчыбек Ташиев түптөгөн "Ата-Журт" партиясынын кадрлары жана айрым маалыматтар боюнча Бабанов менен Ташиев "чокулашып" кеткен мезгилдерде Талант Мамытов Ташиевге далысын салып Бабановдун саясатын саймедиреп калган. Ал эми Курманкул Зулушев баштапкы позициясынан тайбай, Бабановго жекече эч качан баш ийбеген жайы бар. Ал турсун фракциянын кайсы бир жыйынында "Мен Ташиевдин позициясын гана угам, ошол жолду тандагам, өз позициямды эч качан саткан эмесмин" деп эшикти тарс жаап чыгып кеткени айтылып келет.
Демек, Жогорку Кеңештеги Бабанов баштаган "республикачылардын" башына кара булут айланып турганда жана мындан ары алар бийликтин айтканы менен гана болоорун баамдасак, лидерлик Курманкул Зулушевге, ал эми фракциянын эки тизгин бир чылбыры шайлоодо Сооронбай Жээнбековду ачык колдоп келген Камчыбек Ташиевге тийери айдан ачык болуп туру...
INTER.KG