Парламенттеги  "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидерлигинен  өз каалоосу менен баш тарткан  Өмүрбек Бабанов учурда  чет мамлекетте ден соолугун чыңдап жатканын айтып, бирок кайсы өлкөдө экенин так атабаган.

 

Анын кайрылуусун   НТС телеканалы жарыялады.  

 

«Учурда мен   Кыргызстандан сырттамын, акыбалым жакшы. Ден соолугумду карап жатам. Менин саламаттыгым жөнүндө көп  ушактарды окудум, бирок анын баары калп. Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү жана демократия үчүн баарыңыздар менен чогуу күрөшөм, ага даярмын. "Республика" партиясы жана парламенттеги "Республика-Ата Журт" фракциясы штаттык режимде иштеп жатканын билдиргим келет. Шайлоо мыйзамдарын, экономикалык жана социалдык саясатты өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорлорун кыска мөөнөттө сунуштоо үчүн биз мурдагыдан да ыкчам, жигердүү, ынтымактуу иштөөгө тийишпиз. Буга байланыштуу мен "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери кызматынан кеттим»,  - деген Бабанов.

 

Ал ошондой эле фракциялаштарына: "Фракциябыз  айрыкча  ушул күндөрдө мыйзам чыгаруу жана саясий ишмердүүлүк маселелерин ыкчам чечүүгө тийиш.  Жумушту бир мүнөткө да токтотпоо керек", - деп кайрылган.

 

Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан 4-ноябрда   Өмүрбек Бабановго кылмыш ишин козгогон. Ага КР  Кылмыш жаза кодексинин 297-беренесинин 1- бөлүгү (Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу), 299-берененин 1- бөлүгү (Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу) боюнча  айып тагылган.