- Аликбек Жекшенкулович, президентибиздин Казакстандын жетекчилигинин дарегине айтылган сөздөрүнө,бүгүнкү күндө кыргыз-казак чегарасында болуп жаткан ызы-чууга дипломат катары кандай баа бересиз?

 

- Менин оюмча, Атамбаевдин мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурунда сүйлөгөн сөзү кыргыз-казак мамилелеринин татаалдашуусуна алып келчү көрүнүш болду. Анан калса, аны адилеттүү сөз деп да айта албайбыз. Мен бир нерсени эске салып коёюн, Атамбаев Астанага барып, Назарбаевге орден тапшырып жатканда аябай мактап, “ушундай жетекчиге туш болгон казак туугандардын бактысы тоодой экен” деген сыяктуу сөздөрдү айткан. Эми болсо караманча тескери, Назарбаевдин аброюна шек келтире турган сөздөр айтылды. Муну укканда мен албетте капа болдум. Анткени, баарыбыз билебиз, кыргыз менен казак эзелтеден бери бир тууган эл, эң жакын кошуна, тилибиз, динибиз, дилибиз бир. Эң кыйын мезгилдерде бири-бирибизди колдоп, жөлөп келгенбиз. Азыркы чегарада болуп жаткан ызы –чуу кыргыздарга да, казактарга дагы пайда алып келбейт.Бирок, мен ишенем, Нурсултан Абишевич бүгүнкү күндө Борбор Азиядагы эң аксакал, акылман саясатчы. Ал киши, жалпы эле Казакстандын жетекчилери туура түшүнүп, кыргыз-казак мамилесине чоң доо кетпейт деп үмүттөнөм. Себеп дегенде, эки тараптуу мамилелерден тышкары биз өнөктөш мамлекеттер катарында ЕАЭБке, ОДКБга, ШОСко  мүчөбүз, азыркыдай терс көрүнүштөр кандайдыр бир убакыт өтүп, Атамбаев бийликтен кеткенден  кийин жакшы нукка түшөт деген ойдомун.

 

- Бирок, казак президентинин шайлоонун так алдында  талапкер Бабановду кабыл алганы ошондой эмоционалдуу сөздөрдүн айтылышына  түрткү берип койгон жокпу?

 

- Албетте, эки мамлекеттин ортосундагы мамиледе ар кандай мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн. Бирок, аларды оңдоонун ар кандай жолу бар да. Ошол эле нота, телефон, кат  деген бар. Нааразычылыкты жалпы элге чыгарбай, бири-бирине жекече айтып жойсо болмок. Балким, казак чиновниктеринен, же болбосо олигархтарынан кандайдыр бир кемчиликтер кеткендир. Бирок, ага мынчалык маани берип, эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге доо кетирген сөздөр айтылганы туура эмес. Экинчи жагынан, башка өлкөлөрдүн саясатчыларын кабыл алган бул дүйнөлүк практика, ал БУУ тарабынан кабыл алынган адам укуктары боюнча конвенцияларына деле карама-каршы келбейт. Эсиңерде болсо, Атамбаевди деле 2011-жылы,шайлоонун алдында  Россиянын президенти В.Путин кабыл алган. Ошол эле Сооронбай Жээнбековду Казакстанга барганда Назарбаев кабыл алган. Андыктан, мындан чоң деле трагедия кылуунун кереги жок болчу. Эгерде казак жетекчилиги талапкерлердин кайсы бирин ачыктан-ачык үгүттөп, элди бурганга аракет жасаса, анда башка кеп эле. Ошондуктан биз мамлекеттин тагдырын жана элдин келечегин ойлосок, Казакстан болобу, Өзбекстан, Тажикстан, же Кытай болобу, чек арасы бир мамлекеттер кызуу кандуулукка алдырбай, бири-бирибизди сыйлоого, кызматташууга багытталган кадамдарды жасашыбыз  зарыл. Ачыгын айтканда, кээ бир сырткы күчтөр бизди чабыштырганга кызыкдар. Аларга мүмкүнчүлүк түзүп бербеш керек.

 

- Өлкөдөгү ички кырдаалга кандай баа бересиз?

 

- Өзүңөр көрүп, угуп жатасыңар, ички саясый абал курчуп, карама-каршылык, саясый күчтөрдүн тирешүүсү  күчөп баратат. Бийлик үчүн баарына даяр турган талапкерлер бар экен. Бийлик деле элди ыдыратпай, талаш-тыртышка салбай, кайра ынтымакка чакырып, административдик ресурсту, криминалды, кара пиарды   пайдаланбай, үлгү көрсөтүшү керек эле. Бирок, тилекке каршы, андай болбой жатпайбы. Азыркы түзүлгөн абалга эң ириде бийлик жоопкер. Эми Кудай тынччылык берип, 15-октябрь тынч өтүп кетсин. Мен бир нерсеге ишенем, элибиз сабырдуу. Мурда бийликке кандайдыр бир деңгээлде ишенбестик маанай пайда болсо, азыр бийликке умтулган башка саясатчыларга, саясый элитага жийиркенүү пайда болгондой. Бул өтө кооптуу көрүнүш. Анткени, бул мамлекеттин келечегине, коомдук аң-сезимдин өнүгүүсүнө, ой жүгүртүүсүнө жарака кетириши мүмкүн.

 

- Шайлоо канчалык таза өтөт деп ойлойсуз?

 

- Азыр “таза өтөт” деп эч ким кепилдик бере албайт. Бийликтеги чиновниктер “таза өткөрөбүз” деп коюшуп, административдик ресурсту пайдаланып жатышпайбы. Сүрөгөнү го мейли, бирок, мыйзамсыз ыкмаларды, криминалды колдонуп, башка талапкерлерди басмырлап, келекелеп, аша чаап жатышат. Бул эмнени көрсөтөт? Азыркы бийлик өзүнүн келечегин ойлобостугун көрсөтөт. Бийликке болгон ишенбестик ого бетер күчөйт. Өзүңөр билесиңер, биздин элибиз чыдамкай, сабырдуу эл, бирок, бир күнү “жарылып” кетиши мүмкүн. Муну 2005-жана 2010-жылдары көрсөттү. Ошондуктан, азыркылар да артын бир кылчая карап иш кылышса туура болмок. Мындай да,  шайлоодо болуптур бирөө жеңишке жетсин, бирок, ошол жеңген киши ынтымакка алып келип, элди бириктире алабы? Өлкөнү өнүгүү жолуна сала алабы!?

 

- Жеңилип калган талапкерлердин аракети кандай болушу мүмкүн?

 

- Аны азыр айтыш кыйын. Эгер акылдары болсо, мамлекеттин келечегин ойлошсо, тынчтыкты сактаганга аракет кылуулары керек. Мыйзамдуу гана жолдор менен аракет кылуулары зарыл. Бирок, бир жагдай бар, бул ызы-чууну үчүнчү күчтөр, же болбосо утулуп калчу болсо бийликтеги чиновниктер өздөрү чыгарышы мүмкүн. Анткени, терс көрүнүштөргө коррупционерлердин жооп бере турган мезгили келет да. Ошондуктан, азыр бийлик жинденип, кызуу кандуулукка алдырып турган кези.

 

- Социалдык түйүндөрдө Бабановду президенттик таймаштан четтетүүгө аракеттер көрүлүп жатканы тууралуу  маалыматтар жарыяланууда.Бул канчалык реалдуу?

 

- Менин оюмча, азыр кеч болуп калды. Бабановду четтетип салышса, анда, шайлоо легитимсиз болуп калышы мүмкүн.

 

- Азыр таймаш негизинен эки эле талапкердин ортосунда жүрүп калды окшойт. Сиз өзүңүз алардын кимисине артыкчылык бересиз?

 

- Өзүңөр билесиңер, мен мамлекетти ойлогон адаммын. Кимиси жеңсе  да  туруктуулук, улуттар аралык ынтымак, өнүгүү болсо экен дейм. Албетте, фавориттер экөө. Бирок, бул жерде Мадумаровду да эсептен чыгарып салбаш керек. Акыркы күндөрдө ал бийликти сындап, бийликке кыр көрсөтүп, саясый упайды аябай эле топтоду. Албетте, азыр эки күчтүн – бийликтин талапкери Жээнбеков менен Бабанов-Төрөбаев союзунун ортосунда таймаш жүрүүдө. Биринчиси, менин оюмча, эски бийликтин өкүлү. Сүйлөгөн сөздөрүндө, программаларында өзүн көрсөтө алган жок. Атамбаевдин жолун улайм деген менен эле чектелип калды. Азыркы бийликке эл арасында нааразычылык күчөдү. Текебаев баш болуп, канча жигиттер соттолуп кетишти, дагы канчасы Мырзакматовдой болуп сыртта жүрүшөт. Соттордун адилетсиздигинин айынан канчалаган жөнөкөй жарандар да кыйналып жатышат. Карызга баттык алты жылдын ичинде, сырткы карызыбыз төрт миллиард доллардан ашты. Мигранттарыбыз көбөйгөндөн-көбөйүп баратат. Социалдык-экономикалык абал оорлошуп кетти. Ал эми Бабанов менен Төрабаев бирөөлөргө жагабы-жакпайбы, элге жаңы ойлорду, жаңы идея-программаларды сунуштап жатат. Ошондуктан, эл ушул эки өнөктөш жигиттерди колдоп кетет го деп ойлойм.

 

Азыр кара пиар ушунчалык күч алгандыктан, эл көп нерсеге ишенбей калышты. Мен өзүмдү эле мисал кылайын, былтыр декабрда “Жекшенкулов Унгар-Тоону Өзбекстанга берип коюптур” деп президент өзү айткан. Жакында чек ара боюнча  келишимге кол коюлуп, ратификация болбодубу. Мен кызыгып, депуттардан сураштырып көрсөм, Унгар-Тоо маселеси али чечиле элек дешти. Бийлик мени жаманатты кылып коюп, бирок, өзү анын калп айтканын далилдеп берди. Азыр мен ким менен гана сүйлөшпөйүн, “бизге тазалануу, жаңылануу керек” деп, эки жаш саясатчыга ишеним артышууда.

 

- Алардын алдын ала “мен президент, сен премьер болосуң” деп портфель бөлүшүп алгандарычы?

 

- Бүгүнкү күндө бизде эмоцияга алдырган саясат болуп жатат. А биз эмоцияга алдырган эмес, классикалык саясатка түшүшүбүз керек. Классикалык саясатта кандай? Мисалы, АКШнын президенттигине талапкер шайлоого баратканда вице-президент ким болорун көрсөтөт. Бул дүйнөлүк тажрыйбада кадыресе көрүнүш, норма. Андыктан, орундардан айрылып калабыз деген чиновниктердин чыгарган сөзү. Эки жигит максат коюп жатышат, бирок, “мен дайындайм” деп механизмин айткан жок да. Бийлик өзү деле  “Таза коом” деп 2040-жылга чейин программа түзбөдүбү. Бул деле максат да. Анан калса, бул эки жигит тең парламент мүчөсү, экөөнүн тең фракциялары бар. 1-декабрдан тарта премьердин ыйгарым укуктары көбөйөт. Президенттин укуктары менен теңме-тең деп айтсак болот. Парламентте фракциясы бар премьер болсо, ал абдан күчтүү болот. Андыктан, алардын мындай кадамга барганга толук укугу бар, эң негизгиси, бул кадам мыйзамдуу. Эгер биз саясый маданиятыбызды жогорулатабыз десек, элибиз ушундай нерселерге көнүшү керек.

 

- Чек ара демекчи, жыйырма жылдан бери чечилбей келаткан талаштар чечилип, кыргыз-өзбек чегарасынын 85 пайызы такталып калганы абдан жакшы иш болду окшойт...

 

- Азыркы бийлик келип эле чечип салды деген туура эмес болот. Бул өзүңүз айткандай, жыйырма жылдан ашык мезгилден бери сүйлөшүлүп келаткан маселе болчу. 2006-жылы биздин президент Өзбекстанга расмий иш сапары менен барганда чек аралардын маселе жок жерлерине кол коюп, чечилбеген тилкелердин ар бирин талдап, аныктап, даярдап, анан бир чечимге келели деген вариантты мен сунуш кылгам. Андыктан, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимге кол коюлганы Кыргызстандын дипломатиясынын жыйырма жылдан ашуун мезгилден берки аракетинин натыйжасы.

 

- Президенттин Ташкентке мамлекеттик иш сапарынын учурунда “чек аранын калган бөлүгү да такталат” деген маалыматтар айтылып жаткан. Бирок,андай болбой калды окшойт...

 

- Андай болушу мүмкүн эмес да. Анклавдар, суу сактагычтар – бул  өтө татаал маселе. Аны бир-эки ай эмес, беш-он жылда чече аларыбызды бир Кудай билет. Эгер туура эмес чечилип калган болсо, эртең эле чаң-тополоң чыгат. Анткени, Фергана өрөөнүндө жер тартыш. Кыргыз тарап дагы, өзбек тарап дагы жеринин ар бир метрин карап турушат.

 

Керим МУРАС

Булак: “Майдан.kg”