Буга чейин президент А.Атамбаев өзү баш болуп, шайлоодо айрым оппозициялык саясатчылар башаламандык уюштурууну пландаштырып жатышат деп билдирүү тараткан болчу. Көрсө, бийликтин андай божомолдору “чын экен”. Анткени 9-декабрда кечинде “Мекенчил” саясий партиясынын лидерлеринин бири Мелис Аспеков "массалык башаламандык уюштурууга аракеттенген жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн" деген шек менен, Жогорку Кеңеш депутаты Канатбек Исаевге козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында кармалды. Атайын кызмат тараткан маалыматта Мелис Аспеков белгилүү бир адамдардын тобунун кызыкчылыгы үчүн президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыяланган соң, айрым жарандар менен алдын ала бүтүм боюнча Кыргызстандагы абалды туруксуздаштыруу пландарына катышкан. УКМК ошол эле учурда М.Аспековдун ошол “революционерлер” менен телефон аркылуу сүйлөшкөн аудиосун да таратты. 7 минуталык ал сүйлөшүүдө “башкы каарман” “төңкөрүш уюштурууну каалаган” көпчүлүк оппозиция лидерлеринин атын атап өткөн. Ал тургай “Фейсбуктан” бийликтин “катыгын берген” пенсионер Мурат Жетимишбаевге да телефон чалган. Эмнегедир коомчулук УКМКнын бул “операциясын” атайлап уюштурулган спектаклге, А.Атамбаевдин Сочидеги КМШ жана ЕАЭБ мамлекет башчыларынын жыйынына барбай калуусун “актоо” иретинде болуп жатат деп божомолдошууда...
Булак: «Майдан. kg» гезити