Картинки по запросу власть  карикатура  

 

- Президент 1-декабрга чейин өлкөнү ниети бузуктардан тазалап, өзү менен алып кетээрин айтып. аларга буга чейин жумшак мамиле жасаганына өкүндү. президенттин катаал чаарсына кимдер кабылышы мүмкүн?

 

Жолдошбек Токоев, журналист, аналитик:

 

“Кыргызстан мителерден арылмайын, эч качан алдыга жылбайт”

 

- Бузукулар боюнча президет Атамбаевдин моюнга алгандыгы жакшы ниет. Албетте, “телегейи тегиз” өлкө башчысы болойт, иш болгондон кийин жетекчи өкүнөт туура эмес иштен. Чынында 2010-революциядан кийин эле коомду бардык арам адамдардан тазалаш керек болчу. Эмне эл, жерге, мамлекеттин келеченине күйгөн адистер жок беле, бар болчу. Бирок, байлык, манап үчүн бийликке жутунгандарды эмес, тазаларды бийликке алып келиш керек эле. Эми президент, баардык бийлик бутактары менен бирге бузукулардан тазалап ала кеткенге 1-декабрга чейин толук мүмкүнчүлүгү бар. Эл менен маектешип, баамдап жатабыз, кимдер арам, кимдер адал экендигин. Бул маселени карапайым эл да жакшы түшүнүп жатат. Атүгүл, адатта саясатка кайдыгер орус тилдүү эл да кимдин-ким экенин билип калышты. Алар да президенттин билдирүүсүн жакшы кабыл алып жатышат. Кыргызстан мителерден арылмайын, эч качан алдыга жылбайт. Билип жатабыз, айрым президенттикке талапкерлер тышкы күчтөрдүн, өзүнүн жеке кызычылыгын ишке ашырыш үчүн шайлоочуларга куру убада берип жатышат. Эми президент айткан убадасына туруп, чечкиндүү кадамдарга барса эң туура болмок.

 

 

Картинки по запросу кумондор абылов 

 

Күмөндөр Абылов, куудул:

 

“Күнөөлөрү аныкталса, алардын жаза алышына жүз пайыз кошуламын”

 

- Мен негизи алдын-ала боло турган саясый суроолорго так жооп бергидей, саясатчы же аналитик эмесмин. Ошондуктан президенттин жакынкы арадагы мындай катаал чараларына кимдер кабылаарын так айта албайм. Бирок кааларым: ким болсо да, эгер күнөөлөрү аныкталса, алардын жаза алышына жүз пайыз кошуламын.

 

Бакыт Сакыбаев, журналист:

 

“Мурда эле камаш керек болчу”

 

- Сыйлык тапшыруу аземинде өлкө башчысы кимди урушуп, кимди каргап жатканын соцтармактарда окугандар, көргөндөр түшүнө алышпай бир топ түйшөлүлүштү окшойт. Бирок, камачу адамдарды мурда эле камаш керек эле. Президент өзү билет да, азыркы башкы талапкердин биринин кайсы байлыгын кай жерден таап, ким менен мамиле түзүп, кимден канча каражат алганын, кимди алдаганын, азыр кимди алдап жатканын. Ушунун баарын көрүп, билип туруп, шайлоого чейин эмне үчүн анда ал тууралуу позитивдүү оюн билдирет? Мен ушуга таң калам. Ошондо эле алып барып камап салбайт беле. Текебаевди деле камашты го, факт керек десе! Булар жумшак мамиле кылып келген, эми катуу тартипке, катуу талаптарга өтүштү. Бул талапкерге өлкө башчысынын сүйлөгөнү бул - эскертүү. Эгер ал токтоп калбаса, анда катуу чара көрүлөөрүн айтты го. Аны өлкө башчысы ачык айтты. Атамбаев кагазга ороп айткандын мааниси так ушундай чечмелениш керек.

 

 

Картинки по запросу сабыр муканбетов 

Сабыр Муканбетов:

 

“Бийликтин оппоненттерине президенттин сөзү жаккан жок”

 

- Президенттин сөзүн сындагандар, каршы чыгып айтышкандардын баары бийликтин опоненттери. Кыскасы, бийликтин оппоненттерине президенттин сөзү жаккан жок. Айрымдарга президенттин сөзү жакса, кээ бирөөлөрдүн терисин тырыштырып, санаага салып жатат.

 

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: «Майдан. kg» гезити