Карылык ар адамга ар кандай келет тура. Наркы менен, баркы менен карыган адамдарды аксакал деп коет, ал эми карыганын билбей калжаңдап, ар тоонун башын сүйлөй бергендерди чал деп коет эмеспизби? Же болбосо заманбап тил менен айтканда “акшакал”. Андыктан бул ирет биз убагында үлкөн кызматтарды аркалап жүрүп, кыргызга бир пайдалуу иш жасабаган “акшакал” Апас Жумагулов тууралуу кеп кылалы. Анан аны аксакал дейбизби, же чал, “акшакал”  дейбизби, өзүңүздөр аныктап аласыздар.

 

Картинки по запросу Апас Жумагулов

 

А. Жумагулов Аскар Акаевдин маалында премьер-министрлик кызматты да аркалаганын билебиз. Ошол демократиянын эпкини жаңыдан согуп турган маалда, Акаев “баардыгын менчиктештиребиз” деген “ийри-форма” жасаган эле. Муну ал албетте Апас Жумагулов өңдүү кеңешчилеринин айткан акылы менен жасаган. Ошондо Жумагуловдун колу менен жакшынакай иштеп аткан 29 завод-фабрика жоюлуп, кайсы бир шылуундардын менчигине өтүп кеткенин дагы деле унута элекпиз.

 

Апас мырзанын ага чейин эле өз элине жасаган кыңыр иштери бар экен. Муну 1990-жылдын 16-январындагы Кыргыз ССР министрлер советинин №10 токтому далилдеп турат. Мына ушул токтомдун негизинде кыргыздын гектарлаган жерлери коңшулаш Тажикстанга өтүп кетмек. Кайсыл жерлер коңшуларга өтүп кеткенине аз калганын санап берип коелу:

 

1. Баткен районундагы Ак-Сай өзөнүндөгү “Ак-Сай” совхозунун 100 гектар жери.

 

2. Баткен районунун В. И. Лениндин 100 жылдыгы атындагы совхоздун 61 гектар жайыт жери.

 

3. Үч-Коргон лесхозунун 500 гектар жери, анын 232 гектары токой жери, 91 гектары жайыт аянты, 93 гектары бадалдар жана дагы башка 91 гектар жер болгон.

 

4. СССР маалында Тажик ССРине убактылуу пайдаланып турууга берилген ал убакта Ош облусунун Баткен районунун территориясына караштуу “Төрт-Гүл” каналынын жээгинде жайгашкан 220 гектар жайыт жери.

 

  

 

Ошентип ушул токтомдун негизинде кыргыз жери 881 гектарга кичирейип калаарына аз калган. Токтомдун этегинде бажырайып “Председатель Совета Министров Киргизской ССР А. Джумагулов” деп жазылып, колу коюлуп турат. Дагы жакшы, парламент каршы чыгып, жерлерибиз сакталып калган.

 

Мына ушул өз элинин жерин өзгө мамлекетке өткөрүп берүүгө колу барган А. Жумагуловду эми ким деп атайбыз? Ошого карабастан ал Кыргызстан эгемендик алгандан кийин да жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеп келди. Акаевдин убагында жогоруда айтып кеткендей премьер-министр да болду. Ошол убактан тартып эле ал Данияр Үсөновго устат болуп, аны өстүрүп чыккан. Кийин ал шакирти канкор Бакиевдин доорунда өкмөт башчылыгына чейин көтөрүлдү.

 

2009-жылы өлкөбүздө “Ынтымак” курултайы өткөндө Апас Жумагулов балпайып Курманбек Бакиевдин жанында отурганын да көргөнбүз. Эми анализдей бериңиз, Апас мырза кимдерди жандаган болсо, ошолордун баары бүгүнкү күндө өз элинен качып, өзгө мамлекеттерде корголоп жүрүшөт. Адегенде Акаев качкан, андан кийин Бакиев үй-бүлөсү жана Д. Үсөновго окшогон «табакташтары» менен чогуу качты.

 

Кыязы эми ал президенттикке талапкер болуп аткан Өмүрбек Бабановду да өлкөдөн сырткары качырган турат окшойт. Акыркы учурларда шынаарлап эле анын жанынан чыкпай, мактап-жактап калды. Кыргызда мындайларды “көк чычканы бар” деп коет. Андыктан Бабановдун жанынан “көк чычканы” бар, “акшакал” Апас Жумагуловдун караанынын көрүнүшү, ал үчүн жакшылыктын деле жышааны эмес го. 

 

Экинчи жагынан алганда, кыргызда “Устатынан шакирти өтүптүр” деген кеп бар. Мына ушул кеп “акшакал” Жумагулов менен “балапан” Бабановдун устат-шакирттигине бап келип тургансыйт. Бүгүнкү күндө Бабанов өзүнүн шайлоо алдындагы үгүт иштерине коротуп аткан миллиондорду казак олигархтарынан алганын танган жок. Ошол эле убакта ал “Мени колдоп коюңузчу” деп Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаевдин алдына да чөгөлөп барып келди. Өлкөбүздүн түштүгүндө жашаган өзбек калкынын алдына жолугушууга барганда, аларды кыргыздарга каршы чыгууга чакырык таштады. “Чөгөлөп туруп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы, бирөөңөрдү уруп атса, калганыңар кошулуп чыккыла!” деди. Анан дагы “Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын бир гана Өзбекстандын президенти урматтуу Шавкат Мирзиеев чечти, башка эч ким чечкен жок” деп өзбек бийлигине жагынгысы келди. Ток этерин айтканда ал бийлик башына келиш үчүн тили менен болсо да “любой” жерди жалап-жуктап жибергенге даяр турат.

 

Президент боло элек жатып казак олигархтарына миллиондогон доллар карызга батты. Эми ошонун баары кайра он эселеп, жүз эселеп кайтаруу керек. Бул миллиондорго ал “президен болуп калсам, силерге кен байлыктарды берем, кош жарандуулукту киргизип, мамлекеттик жогорку кызматтарга отургузам” деген убадаларды берген болушу керек. Андыктан устаты А. Жумагулов тээ “эсил кайран” Союздун акыркы жылдарында кыргыздын жерин сатууга аракет кылып, бирок жүзөгө ашыра албай калган болсо, эми минтип анын шакирти Бабанов Кыргызстанды дүңүнөн Казакстанга сатканы турубу?