Премьер-министр С.Исаков азырынча кандайдыр бир экономикалык секириктерди жасабаган менен коомчулукту өзүнүн кеңешчилерди дайындоосу таң калтырууда. Алгач АКШ, Европадагы белгилүү окуу жайларды бүткөн жаш адистерди кеңешчиликке дайындаса, ушул жумада Россиядагы белгилүү кардиолог Алексей Коротеевди да коомдук башталыштагы кеңешчиси кылып дайындады. А.Коротеев көп жылдар боюу Россиядагы Б.В.Петровский атындагы илимий хирургия борборунда эмгектенген. 2004-жылы ал жүрөктүн жасалма толтосун иштеп чыккан. 2011-жылы бейтаптын ооруган жүрөгү чоңоюп кетпеши үчүн дакрондук торчо кийгизүү жолу аркылуу, жүрөктүн оор дартын дарылоонун жаңы ыкмасын ойлоп тапкан. Бул ыкма менен 115 бейтапка операция жасаган. Орусияда алгачкы жолу жүрөктүн жасалма толтосун имплантация жасап, 42 жолу операция кылган. 2005-жылы Орусияда биринчи жолу EXCOR BIVAD жүрөктүн жасалма толтосун бейтапка салып операция өткөргөн. С. Исаков Жогорку Кеңеште өкмөттүн “Жаңы доорго – кырк кадам” программасын сунуштап жатып, өкмөттүн ишмердүүлүгүндөгү эң негизги багыттардын бири рак ооруларына жана жүрөк-кан тамыр илдетинен жабыркагандарга кам көрүү экенин билдирген болчу. Эми врач-кеңешчиси өкмөт башчынын өзүнүн эле эмес, жалпы кыргызстандыктардын саламаттыгы үчүн кам көрсө жакшы болот эле.
Булак: “Майдан. kg” гезити