Белгилүү бизнесмен Борис Воробьев жакында президентикке талапкер Өмүрбек Бабановду жакадан алды. В.Воробьевдин Ө.Бабановдун жакасына мынчалык ишенимдүү жармашып жатканынын себеби барбы? Бар экен! Болгондо да Ө.Бабановдун чыныгы жүзүн ачкан фактылары бар экен!
Б.Воробьев азыр Ө.Бабановго таандык болгон Военно-Антоновкадагы автобазарды жакшылык менен кайрып бер, бир кезде рейдерлик менен тартып алгансыӊ деп жатат.
Иликтей келсек бул окуяга “кандын улуу” кадимки Максим Бакиев аралашыптыр. Базарды Ө.Бабановго бересиӊ деген ошол имиш. Ал учурда бул базар 2005-жылы киллердин колунан каза тапкан Жыргалбек Сурабалдиевдин үй-бүлөсүнө таандык болуп эсептелчү. Аларга компенсация төлөп беришсе керек. Ал эми базардын баштапкы ээси Б.Воробьевдин айтымында ага чычкак улак да тийбептир.
Воробевдин мындай талабы Бабановдун командасын безге сайгандай чочутту. Былжырап атат, кандайдыр бир доосу болсо сотко кайрылсын дегендей кылышты акырында. Сыягы Ө.Бабановдун юристтери В.Воробьевдун колунда далилдүү эч нерсеси жок деген ишенимде болсо керек.
Иштин жайы андай эмес экен. Далайды көргөн Воробьев бул ишке тиешелүү документтерди сары майдай сактап жүрүптүр. Ал боюнча караганда мамлекетке бул алып-сатуудан салык катары бир сом да түшпөгөнү аз келгенсип, алып-сатуунун өзү баш айланткан жолдор менен бүтүптүр. Мындай шектенүүнү В.Воробьевдун өзү айтып отурат.
В.Воробьев документтеги ошондой шойкомдуу жерлер ачканда эле биринчи бетинде бадырайып жазылып турганын сөөмөйү менен көрсөтүп, биздин көӊүлүбүздү таӊгалычтуу келишимге бурду. Индия океанынын Сейшель аралындагы оффшордук компания менен Бабановдун үй-бүлөсүнө байланыштуу ЖАК “Азия-транс-лайн” ишканасынын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, бул компания “Азия-транс-лайн” ишканасына 4 миллион 250 миӊ доллар кредит (азыркы курс менен алганда 300 млн сом) бергени айтылат. Кредиттин кепилдигине В.Воробьев тастыктагандай Военно-Антоновкадагы – автобазар (аянты 116 гектар) коюлуптур.
Бул 4 миллион базардын чыныгы баасы болсо керек. Ал эми Индия океанынын аралындагы оффшордук компаниянын өкүлү ким дебейсиздерби? Ал кезинде АКБ “Кыргызстан” банкында иштеген, азыр Бабановдун партиясынын атынан БШКнын (Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы) мүчөсү болуп шайланган Елена Жылкычиева!
Ал БШКда Бабановго каршы бирөө бирдеме деп койсо бетип тытып алгандан кайра тартчу түрү жок. Бул айымдын оффшордук компания менен эбактан бери эле байланышы бардай. Ошондуктан Ө.Бабанов менен киндиктеш, кокус сууга чөгүп кетсе, кошо чөгөт.
Эмне үчүн Бабанов автобазарын кепилдикке коюп салган? Бул кызык суроо. Бул эми эки коммерсанттын ортосундагы талашты тактоодо ачыктала турган иш.
Бирок дагы кызыгы бул жакта. Көрсө Бабанов жана анын үй-бүлөсү бир гана Сейшелдеги оффшор компаниясы менен мамиле түзбөптүр. Журналисттер бул теманы дагы казып көрүшсө Бабановдун туугандары соода үйүн курууда жеӊилдетилген кредит алган, салыктан качкандардын бейиши аталган Британиянын Виргин аралындагы оффшор компаниясынын аты чыгууда. Бул жагынан Бабанов каза берсе түгөнбөгөн Кадамжай окшойт. “Анын баарын жакында ачыкка чыгарам”, - дейт Б.Воробьев Ө.Бабановдун жакасынан колун албай. Буга караганда кызыктын баары алдыда.