- Атамбаев Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутеррешке Кыргызстан менен БУУнун ортосунда кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн “Достук” орденин тапшырды. Бул президенттин аргасыз аракетиби?

 

 

- Президент А.Атамбаев Бириккен улуттар уюмунун баш катчысына “БУУ менен Кыргызстандын ортосунда кызматташтыкка кошкон салымы үчүн” деп "Достук" орденин тапшырды. Мен анын кайсыл кошкон салымын эске алып бергенин түшүнгөн жокмун. Сыягы,  А.Атамбаев куру баргандан көрө деп кыргыздын салттарына ылайык Антониу Гутеррештке белек катары эле берди окшойт. Анын бул кадамы салкындап кеткен мамилени жөнгө сала албайт.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити