Ɵмүрбек Бабанов менен Бакыт Тɵрɵбаевдин тандеми Акаевдик жана Бакиевдик режимдердин калыптанып, бекемделишине ɵз «салымдарын» кошкондугу эч кимге жашыруун деле эмес. Экɵɵсүнүн мындай «эмгеги» кɵз жаздымда калбай, ал үчүн кирешелүү долбоорлорду, рейдерлик жол менен тартылып алынган компанияларды, капчыктарын кампайткан жогорку кызмат орундарына ээ болушкан.
Чындыгында Ɵ. Бабанов менен Б. Тɵрɵбаев ошондогу башкаруучу режим менен жакын ымалада болушкан, алардын колдоосу, «добросу» менен байлыктарын эселеп кɵбɵйтүүгɵ жетишет. Бул экɵɵсүнүн сыртта качып жүрүшкɵн «колдоочулары» менен байланышы үзүлгɵн дегендер терең жаңылышат. Бакиевдин бир туугандары менен Акаевдин үй-бүлɵсү адамдардын натурасын жакшы түшүнчү тура. Эртеби, кечпи бийликтеги доорлору аяктаса, жандап, коштоп, айланчыктап жүргɵндɵр, кол бизнесмендери «чɵккɵн кемеден качкан келемиштей» эле жылт коюушарын эң жакшы билишкен окшобойбу. Анткени, бийликтин табияты ушундай, мындай ар дайым болуп келген, боло бермекчи.
Ошол себептен Акаев менен Бакиев мафиялык салттарга таянуудан артка кайтышкан эмес. Тагыраак айтканда, айланасындагыларды ɵздɵрүнɵ «кандаш» кылууга чейин барышкан. Мафия дүйнɵсүндɵ ушундай эмеспи. Жаңы кошулуп жаткандарга кимдир бирɵɵнү ɵлтүрүү милдети жүктɵлɵт, аны ишке ашырган адам аргасыздан биротоло криминалдык үй-бүлɵгɵ байланат да калат. Ошол үчүн мафиянын башындагылар темир тор артында туруп да башкара беришет. Мафия мүчɵлɵрүнүн эртеңки тагдыры болсо кадимки бычакка байланган. Кандай бычак деп атасызбы? Мафияга кошуларда киши ɵлтүрүү үчүн пайдаланган бычак. Колдорунун мɵɵрү калып калган бычак кɵздүн карегиндей эле сейфте сакталат. «Ɵнɵр» кɵрсɵтчүлɵр болсо, бычак сейфтен чыгарылып, кошумча далилдери, сɵɵк кɵмүлгɵн жерлерге чейин кɵрсɵтүлүп укук коргоо органдарына ɵткɵрүлүп берилет. Анан эр болсоң «ɵнɵр» кɵрсɵтүп, тетири кетип, үй-бүлɵнүн тартибин аткарбай кɵр…
Бабанов менен Тɵрɵбаевдин «колдоочуларына» биротоло байланып калгандары да ушул мафиялардын салтындай эле. Бийликтен кетишкен күндɵ да алардын кɵрсɵтмɵ, буйруктарын аткарууга аргасыз, ансыз алар жɵнүндɵ тирукмуш, тɵбɵ чачты тик тургузчу фактылар ачыкка чыгып, ɵлкɵ ичинде бир күн тура албай калыштары ыктымал. Бул экɵɵсү учурда бийликке келсек, Кыргызстанды бизнестин бейишине айлантабыз дешүүдɵ. Бирок мында эң ириде Акаев менен Бакиевдин кызыкчылыктары жатканын бɵркүбүздɵй кɵрɵлү. Дегенибиз, аларга тиешелүү компаниялар чет элдик инвесторлордун маскасын жамынып ɵлкɵбүзгɵ кирип алышат да, кирешелүү тармактарды колго ала башташат. Бүгүн да Бабанов менен Тɵрɵбаевдин бизнес объекттери эки качкын президенттин капчыктарына иштебей жатат дегенге кепилдик жок. Канчалык ишенгибиз келбесин, бирок булар бийликке келген учурда «колдоочуларынын» таасирин арттырууга гана кызмат кылары талашсыз. Анткени, Бакиев менен Акаев кол куушуруп олтуруп калчулардын эмес. Булардын колунда Бабанов менен Тɵрɵбаевге каршы тирукмуш компроматтар бар, керек учурда пайдалануулары мүмкүн. А Бабанов менен Тɵрɵбаевге анын кереги жок.
Эми сɵз кылып жаткандардын эмнеге качкын президенттерге карыздар, милдеткер экенине кенен токтолсок. Бабановдун бизнесмен катары калыптануусу Аскар Акаевдин тушунда башталган. Агездеги «эрке бала» Айдар Акаевдин ишенимине кирүү менен «НК Альянс» май куюучу станциялар тармагын ачат.
Белгилей кетчү жагдай, Бабанов Кыргызстанда бизнесин баштаганга чейин эле кошуна Казакстанда бензин алып сатуу менен бутуна туруп калган бизнесмен эле. Таасирдүү бизнесмендер менен жакындан ымала түзүүсү да ошондо башталган. «Альянс» компаниясын түзүүдɵ бизнес чɵйрɵсүндɵгү байланыштарына таянып, Россиянын жогорку бийлик элитасындагылар менен чайлашып жүргɵн ɵнɵктɵштɵрдү табат. Мисалы, Россиядагы «Альянс» компаниясынын кожоюну, олигарх, айтылуу Муса Бажаев. Анын улуу агасы, «Сиданко» нефти компаниясынын мурдагы президенти Зия Бажаев болсо Россиядагы белгилүү теле журналист Артем Боровик менен бирге авиа кырсыкта каза болгон. Бул маалыматты айтканыбыздын себеби, чечен сепаратисттери Артем Боровикти эмес, дал ушул Зия Бажаевди ɵлтүрүүнү кɵздɵшкɵн. Зия Бажаевдин ɵлүмүнɵн кийин анын бизнесин иниси Муса Бажаев колго алат. Муса бизнести ийгиликтүү башкарып, кɵп профилдүү ишканага айландырганга жетишкен. «Альянс Тобу» ишканасы Россиянын бардык аймагын камтыйт, Калининграддан Приморье, Казакстан, Украина, Кыргызстанга чейин жетет. Баса, ушул жылдын 5-6-сентябрында Россия, Казакстандын олигархтары менен жолуккан Ɵ. Бабанов Муса Бажаев, А. Ибрагимов менен да жолукканын белгилей кетели.
Акаевдин колтугуна кирип алган Бабанов, кийин Бакиевдин эбин таап, дээрлик 15 жыл бою нефти продуктуларын дүңүнɵн алып-сатуу менен шугулданды, анын ичинде учактарды күйүүчү май менен камсыз кылган монополистке айланды.
Бабанов чыны менен Акаевдин «сүйгүнчүк балдарынын» бири болгон. Президентке жакын адамга айлануу үчүн ал үй-бүлɵнүн тилин таап, ал үчүн бардык кадамдарга баруудан артка кайткан эмес. Бизнестик, финансылык жыргалчылык жɵнүндɵ сɵз болгондо Бабанов Айдардын алдында чɵгɵлɵɵгɵ да даяр болчу.
2005-жылы бийлик алмашып, Акаевдин ордуна Бакиев келди. Ал учурда карт бɵрүгɵ айланып, кɵмүскɵ бизнестин «атасы» болууга жетишкен Бабанов заматта Бакиевдердин да тилип таап, Максимге «кызмат кылууга» ɵтɵт.
Бабановду Бакиевдердин кланы менен жакындаштырууда ошондогу президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловдун ролу чоң болгон. Бабанов менен президенттик администрациянын чиновниктеринин экономикалык байланышын да Медет Садыркулов жɵнгɵ салган. Дал ушул кишинин тушунда Бабановдун долбоорлору президенттик администрациядагы чиновниктердин колдорунан тоскоолдуктарсыз, шыр ɵтүп турганын чындык үчүн айта кетели.
Ошол кезде Бабановду колдоп, «крышалык» кылгандыгы кийин ɵзүнүн ɵлүмүнɵ себепчи болорун маркум Медет Садыркулов ойлоду болду бекен? Мындай суроо койгонубуздун себеби, Садыркуловду ɵлтүрүү операциясында бир кезде Садыркулов жардам берген Бабановдун финансылык долбоорунун катышы болгондугу айтылып келет.
2010-жылдагы революциядан кийин Бабанов Бакиевдерге тиешелүү болуп келген НТС жана 5-каналды тартып алат. Эмнеге Бакиевдердики болуп келген каналдар Бабановго ɵтүп калды? Анын жɵнү бар. Бабанов рейдерлик кылуу менен чектелбей, маалыматтык согушта пайдалануу максатында Максим Бакиевдин телеканалдарын сактап калууну кɵздɵгɵн. Бабанов Максимге бизнестерин эле бербестен, ага башка майлуу-сүттүү жерлерди тартып алууда да кызмат кылып турган. «Альянс» компаниясын Максимге бергенден кийин Хондун нефти базасын Максимге тартып алып берүүдɵ чоң роль ойнойт. Ал эми австриялыктарга тиешелүү болгон «Итек-Эйр» компаниясынын тагдыры кɵпчүлүккɵ түшүнүксүз бойдон калган.
НТС каналынын Максимге тиешелүү экени талашсыз, 5-канал болсо биринчи революциядан кийин Бакиевдер рейдерлик жол менен тартып алган КООРТ телеканалынын базасында түзүлгɵн болчу.
Эгерде Бабанов бийликкке келип калса, казак олигархтарынын «кол баласына» айланарын бɵркүбүздɵй кɵрɵлү. Ал казактын олигархтарына кɵз каранды экенин, каржылык ж.б. жагынан казактын байлары колдоп жатканын анын «НурОтан» партиясынын саясий кеңешинин мүчɵсү Б. Утемуратов менен болгон телефондук сүйлɵшүүсү ырастайт. Ал сүйлɵшүүдɵн Б. Утемуратов «Мегаком» компаниясын «керектүү адамдарга» сатууну ишке ашыруу талабын коюп жатканын угууга болот. Бул эмнеден кабар берет? Ɵ. Бабановдун кандай президент болорун, биринчи кезекте кимдер үчүн кызмат кыларын гана айгинелеп жатпайбы. Ɵмүрбек Токтогуловичке жана анын жумушсуз жүргɵн үй-бүлɵ мүчɵлɵрүнɵ тиешелүү мүлктɵрү, байлыктары жɵнүндɵ да кɵп сɵз кылууга болот. Бирок учурда кыргыз коомчулугун ойлондурганы, кооптондурганы – Кыргызсанды казак жараны Бабанов башкарып калбайбы? Андан да коркунучтуусу - ɵлкɵбүздү казак олигархтары башкарып, Кыргызстандын экономикасын, бизнес чɵйрɵсүн казактар тейлеп-тескеп калганы жатпайбы! Анан ушундай адамды ɵлкɵнүн президенти кылып шайлашыбыз керекпи?
Тандемдин экинчи каарманы Бакыт Тɵрɵбаевди ушул кезге дейре сыртта жүргɵн Бакиевчилер колдоп, сүрɵп келишүүдɵ. Машина-трактордук станцияларды түзүү М. Бакиевдин долбоору болсо, аны Белорусиядан пайызсыз кредитке алып берүү менен К. Бакиев колдоп келет. Белорусиянын тракторлоруна мындай жеңидиктерди бул ɵлкɵдɵгү эң таасирдүү бир адам гана бере алары айтпаса да түшүнүктүү. Эл Бакыт Тɵрɵбаевдин тракторлорду айылдыктарды ойлогонунан эмес, аларды ижарага берип, киреше табуу максатында гана алып келип жатканын билеби? Элге кам кɵргүсү келсе, эмнеге техниканы жеңилдетилген шарттарда, пайызын тɵмɵндɵтүп, же лизинг түрүндɵ бербейт? Ɵзүнүн аймакташ саясатчы акелери А. Келдибеков, К. Ташиев жана А. Мадумаров менен бириге албай койгон Б. Тɵрɵбаев жɵнүндɵ деги эмне айтууга болот? Канчалаган кооз сɵздɵр, куру убадалар айтылды, тɵртилтикти эл алкап, аксакалдар баталарын беришти. Бирок тандем туулбай жатып туна чɵкпɵдүбү. Бүгүн болсо Б. Тɵрɵбаев Казакстандын жараны, казактын олигархтарын пир туткан Ɵ. Бабанов менен эл аралап, кооз сүйлɵп, убадаларды жаадырып жүрɵт.
Бул тандемге Бакиевдин режиминин күчɵɵсүнɵ опол тоодой салымын кошкон Адахан Мадумаровдун кошулгусу келип, бирок бир чечимге келе албай жүргɵн кези. Апрель революциясынан кийин, Президенттик шайлоодо бир нече ирет Бакиевдин үй-бүлɵсүн алып келүү ниетин билдирген дал ушул А. Мадумаров экенин эл унутпаса керек. Сүйлɵсɵ тилинен чаң чыгып, ɵзүн кристаллдай таза эсептеген А. Мадумаров деле рейдерлик иш-аракеттерден четте калган эмес. Досу Д. Υсɵнов менен биргеликте Ысык-Кɵл районунун Чоң-Сары-Ой айылында жайгашкан эки кабаттуу котеджди мыйзамсыз ɵздүктɵп алган. Бул эле эмес. 2007-жылы бизнесмен В. Н. Хан Ысык-Кɵл районунун Кош-Кɵл айылындагы «Радуга Вест» пансионатынан ошол мезгилде баасы 200 миң долларды чапчыган бир коттеджди белекке тартуулаган. Ошондой эле А. Мадумаровдун шайлоо штабы жайгашкан «Максимум» бизнес-борбору да бизнесмен Ханга тиешелүү.
Жыйынтыктап айтканда, тандоо элде гана калды. Кимге добуш беребиз? Эл үчүн иштей турган татыктуу талапкергеби, же чет ɵлкɵдɵгүлɵрдүн «кол балдарынабы»? Аны Сиз 15-октябрда добуш берүү күнү чечесиз, урматтуу шайлоочу!
Ɵмүрбек Бабановдун коррупциялык схемалары