Кыргызстан жана Орусия президенттери 14-сентябрда Сочиде жолукпадыбы. Атамбаевдин Путин менен бул жолку сүйлөшүүлөрүндө расмий айтылбаганы менен Кыргызстандагы шайлоо маселеси талкууланганын Борбор Азияга адистешкен москвалык журналист жана саясат талдоочу Аркадий Дубнов айтып чыкты.
“Азаттык” радиосу “Путин менен Атамбаевдин кечээги кездешүүсүнөн кийин алар эки тараптуу кызматташтыктын ар кыл маселелерин талкуулаганы гана кабарлады. Бирок, кандай дейсиз, бир ай ичи Кыргызстанда шайлоо өтөрүн эске алганда, жолугушууда бул тема көтөрүлдүбү?”- деген соболу менен Дубновго кайрылганда ал: “Албетте Атамбаев менен Путин кездешүүсүнүн башкы темаларынын бири шайлоо болгонуна ишенем. Расмий Бишкек бул жолугушууга жетишүү үчүн абдан көп аракет жасады. Себеби бул күндөрү Путиндин графиги абдан тар. Менимче, жолугушууда сөз тикелей шайлоо тууралуу эмес, Атамбаевдин Путиндин дарегине белгилүү бир насааттары же кыргыз президентинин орусиялык кесиптешине кепилдиктери жөнүндө жүрдү. Бул - Атамбаевдин мураскери жана ал чыгарган адам алдыдагы президенттик шайлоодо жеңсе Кыргызстандын Орусияга карай курсу, лоялдуулугу, ЖККУ жана ЕАЭБ алкагында алган милдеттенмелерин аткаруусу уланат, тигил же бул жакка олку-солкулук болбойт деген өңдүү кепилдиктер. Андыктан, менимче, Атамбаевдин Путин менен дагы бир жолу көрүшүүгө умтулуп, Москва менен Бишкектин эки тараптуу кызыкчылыктары зыян тартпай турганын, Москва мураскерден тынчсызданбоосу керектигин дагы бир жолу түшүндүрүү Атамбаевдин Сочиге сапарынын башкы максаты болду. Анткени Москва азыркыга чейин тандоо жасап, талапкерлердин кайсы бирине карата симпатиясын билдире элек да. Бул жагдай расмий Бишкекти жана Атамбаевдин жеке өзүн камтамага салбай койбойт.
Атамбаевди тынчсыздандырган нерсе - Москва Сооронбай Жээнбековду башкаларынан көбүрөөк жакшы көрө албаганы жана Өмүрбек Бабановдон же Тамир Сариевден көбүрөөк чочубаганы. Алардын баары эле Москва үчүн бирдей лоялдуу. Дал ушул себептен улам Атамбаев үчүн Бабанов менен Сариевге караганда Жээнбеков Москвага жана анын саясатына көбүрөөк лоялдуу болорун Путинге түшүндүрүү абдан маанилүү болуп турат.
Атамбаевдин көйгөйү - анын мураскери башкалардан мыкты экенин түшүндүрүү. Анан, албетте, менимче дагы бир маселе – президенттик шайлоодон кийин бейформал лидер катары ролу күмөн саноого кириптер болбой турганына ишеним алуу”,- деп так кесе конкреттүү жообун узаткан.
Булак: “Майдан. kg” гезити