Саясый куугунтуктун анык курмандыгы болуп жаткан Текебаев жана Чотоновдун тегерегинде дагы бир жагдай ачылды.

 

12-сентябрдагы соттун отурумуна күбө катары чакыртылган, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Кеңешбек Дүйшөбаев көрсөтмө берип, сотто кеп болуп жаткан мезгил аралыгында экономика тармагын Алмазбек Атамбаев караганын, Текебаев реформа боюнча жооптуу болгонун, бардык маселелер жалпы чечим менен кабыл алынып турганын, Убактылуу өкмөттүн 44-декретин (улутташтыруу жөнүндө) ошол кездеги Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Атамбаев тиешелүү органдар менен чечишкенин, өзү коопсуздук маселесин карагандыктан аки-чүкүсүн билбесин айтты. Ошондой эле ал 13-майда өткөн жыйынга Текебаев да, Чотонов да катышканын билдирди. “Алардын «Мегаком» боюнча кызыкчылыгы болсо биз билмекпиз, чара көрмөкпүз”,- деди. Текебаев жана Чотоновго кылмыш ишти Башкы прокуратура козгоп, Улуттук коопсуздук комитети тергеген. Бул эки саясатчыны орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган деп өткөн айда Бишкектин Биринчи Май райондук соту сегиз жылга эркинен ажыраткан. Канчалаган саясатчылар, коомдук ишмерлер, ошол кездеги убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бир ооздон “Текебаевдердин күнөөсү жок”- деп жатса дагы бийликчил соттор бир чет элдиктин оозеки көрсөтмөсү менен гана эки саясатчыны темир тор артына жөнөтүп жиберишкени шек туудурбай койбойт.

 

Булак: “Майдан.kg” газетасы, №36 (314), 13.09.2017-ж.