Ааламды таӊ калтыруу менен алектенүү каныбызга сиӊген окшойт. Оозубузду ачсак эле дүйнө эли бизге суктанып, же таӊданып турса дейбиз. Көчүгүбүздү бүтөй албай атып көөдөнүбүз көк тирейт.

 

Кыргызстанды бир кезде Турусбек Мамашов деген мырзабыз дүйнөгө дүӊ кылган. Санта Клаус Кыргызстандан, Кара-Кулжанын тоолорунан чыккан деп. Атургай Санта чоӊ атасынын парадын да өткөрүп жиберген. Топоз мингизип, топ-тобу менен бастырып… Эми айтылуу жомокчу Андерсени да энчибизге бассакпы деп турам. Анткени, биздин «жомокчулар» Андерсенден да өтүп кетишти. Ушундай бир жомокторду жобурашат дейсиӊ, магдырап эле уйкуӊ келет. Угуп көрөлүбү? “Эгер президенттик шайлоо калыс өтпөй турган болсо Жогорку Кеӊеш тарайт экен. Депутаттар ушинтип шерттешиптир, акыйкатсыз шайлоо менен макул болбойт экен”- өӊдүү ушактар желип жүрөт. Албетте, бул чындыкка жакындабай турган кеп. Кызылдай жомок. Биринчиден шайлоо калыс жана адилет өтүшү да жомок. Экинчиден депутаттар эч убакта адилеттик үчүн мандаттарын тапшырышпайт. Деги жомокту да кичине окшоштуруп айтсак ээ…

 

Булак: “Майдан.kg” газетасы, №36 (314), 13.09.2017-ж.