Ɵлбɵскɵ айланган атактуу Владимир Высоцкийдин «Кулактарга  не  имиш, ушактар келип атат, кудум күйɵɵ сыңары кулактарды  жеп  атат», - деген ыр саптары бар. Бул саптарда  Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдындагы бүгүнкү кырдаал айтылгансыйт. «Чымын сыяктуу тигил жакта, бул жакта, жүрɵт  үйдүн ар тарабында, тишсиз калган кемпирлер, таратышат туш тарапка», - деп андан ары  уланат аталган ырда. Сɵз жок, жакшы ыр, радиодон дайыма  берип турса  болчудай.

 

Картинки по запросу Кабай Карабеков

 

Биз мына ушул ырдагы «тишсиз калган» кемпирлердин ролун учурда айрым журналисттер аткарып жатканын айткыбыз келет. Ушул жерден «темир канцлер» атыккан Отто фон Бисмарктын: «Шайлоо алдында, согуш маалында жана андан соң калп айткандай эч качан калп айтылбайт», -  дегени аргасыздан  эске түшɵт. 

 

Тилекке каршы, бүгүнкү реалдуу чындык ушундай. Тигил  же бул талапкердин таламын талашуу менен жакшы акча иштеп алганга неге болбосун… Адам баласы болгон соң кантип да болсо жашаш керек да.

 

Бирок, сенин эмгегиң үчүн акча тɵлɵшүн  кааласаң, анда креативдүү болушуң абзел, тагыраагы, акылың ойду-тоону омкорушу керек го. Атактуу Геббельстин «калп канчалык укмуш болсо, ага ошончолук ишенет» деген кредосун принцип кылып алганың  оң. Ɵкүнүчтүүсү, учурда кээ бир журналисттер ушундай принцип менен жан бакканга ɵтүп алышты. Минтип жан багууну кезиндеги белгилүү журналист, андан кийинки ЖК депутаты Кабай Карабеков да ɵздɵштүрүп алган окшобойбу. Дегенибиз, ал президент Алмазбек Атамбаевдин Россияга болчу алдыдагы иш сапары боюнча ɵзүнүн кутум теориясын түзүп чыгыптыр. Анын теориясына ишенсек, А.Атамбаев В.Путинге С.Жээнбековдун эмнеси менен мыкты экенин айтып, түшүндүрүү үчүн бараткан имиш. Антпесе, Кремль КСДПнын талапкеринен күмɵн санап, радикалдык араб уюмдары  менен байланышы бар деп кооптонуп жатыптыр. Андан ары автор «Таблиги жамаат» темасынын  тегерегинде спекуляциялык кɵз караштарын ɵɵрчүтɵт. Бул акыркы учурларда Атамбаев менен Жээнбековго тагылган клишеге айланбадыбы. Бирок КСДП  талапкери  диний ишенимдеги  адам экенин жашырбай эле айтып келатат.  Албетте, бул анын потенциалдуу ваххабит  экенин, же аларга жан тартарын билдирбейт. Мындай ой жүгүртүүнү ээрчисек, анда ɵлкɵнүн калкынын 80 % калкын террористтерге же радикалдарга байланыштыра берсе  болот. Кыргызстанды мындай коёлу, дүйнɵдɵгү 1 миллиарддан ашык мусулман калкы радикалчылдар болуп чыга келишет.  Бул эми Чапаев менен Петькага байланыштуу анекдоттогудай эле нерсе.  Эгерде тамеки чексе, демек, ичимдик ичет, а эгерде ичсе, анда жеңил ойлуу кыз дегендей эле болуп жатпайбы.

 

Андан ары автор, бакиевдик «Ак Жол» фракциясынын экс-депутаты Курманбек Бакиевдин мезгили кайтып келатканын айтып, коңгуроо какканы кызык. Суроо туулат: ошол кезде мурдагы партлидери Курманбек Бакиев жɵнүндɵ да чындыкты айтып, ачык, сынга алып  жаза алат беле?  Албетте, жаза алмак эмес, Бакиевдин партиясынын мүчɵсү катары агездеги окуяларга  байкоо салуу менен чектелмек. Эми болсо эркиндикке чыккан куш сыңары үн сала баштаган чагы.

 

Макалада саясый кырдаалдын курчуп кетиши ыктымалдыгын жɵнүндɵ да айтылат.  Байкаган адамга анда баштан аяк элдин үшүн алуу, коркутуу максаты жаткандай. Атамбаев менен анын соратниги, президенттикке талапкер Жээнбековду каралоо, элге жаман жагынан кɵрсɵтүү максатын гана кɵздɵгɵндɵй таасир калтырат. Ага таң калып деле кереги жок го, себеби, автор ошол эле мезгилде башка бир талапкерди айга, күнгɵ теңеп мактап, жактап атпайбы. Бирɵɵсүн мактап аткан соң, анын атаандашын каралаш керек да. Саясый кырдаалды ар кандай версиялар боюнча объективдүү анализге алган болумуш этүү менен бир талапкерди ɵлкɵ башына татыктуулардын эң татыктуусу катары кɵрсɵтүп жатканына жол болсун!

 

Атамбаевдин Россияга жасачу иш сапарына келсек, автор мындай иш сапарлар кеминде 1 ай мурда сүйлɵшүлүп, такталып, уюштуруларын жакшы билет. Кезинде ɵзү да Аскар Акаевдин маалымат кызматынын башчысы катары  буга окшогон иш сапарларды уюштурууларга  далай катышкан. Сыртка жасалчу иш сапарлар турсун, облустарга жумушчу сапарлар бир канча ай мурда белгиленип, президенттин иш графигинин планына киргизилип бекитилет. А мында сɵз  Россияга болчу иш сапар тууралуу болуп жатпайбы, президенттин графиги саатына, мүнɵтүнɵ чейин жазылган. Автордун жазгандарын окуган карапайым адамда  Атамбаев жолуккусу келип барса, Путин айласы жок кабыл алыптыр дегендей ой жаралышы ыктымал. Бирок такыр андай эместигин башкасы билбесе да, автор эң сонун билет, болгону белгилүү себептерден улам  билмексенге салып, калп жазып атканы айтпаса да түшүнүктүү.  Анын милдети  -  иши кылып эл ɵзүнүн талапкеринин атаандашын  болушунча боктоп, элге  мокочо кɵрсɵтүү болсо, анан кантмек эле?  Ал үчүн автор бардык ыкманы колдонуудан, маалыматтарды бурмалап, жалгандарды айтуудан  артка кайтпастыгын байкоо кыйын  эмес.

Сɵздү  ɵлбɵскɵ айланган Высоцкийдин «Имиштер жɵнүндɵ ыр» чыгармасындагы саптар менен жыйынтыктасак  туура болчудай. Бул ырды Кыргызстандын радиолорунан  бат-баттан берип турса ашыкча болбойт эле.  Чын…

 

Бири бирине шыбырашып ырдашат.

Жаман имиштер кулактарда угулат.

Негедир, жакшы имиштерге ишенишпейт.

Былжырак кептер, ойдон чыгарылгандар дешет.

 

Ильяс КАНГЕЛДИ