- Чолпонбек мырза, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Казакстанга барып, Көкбөрү боюнча "сырдуу жолугушууларды" жүргүзгөнү, натыйжада биздин улуттук команда Казакстанда атаандаштарына утулушка дуушар болгондугу күбүр-шыбыр сөз болууда. Эгерде Бабановдун улуттук кызыкчылыктарыбызга каршы жасаган мындай кадамдары далилденсе ал кандай жаза алышы керек?
- “Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт го кыргызда. Анан калса социалдык түйүндөрдө сүрөттөрү да чыгып калды го. Эми ал актанып баштайт. Эгер далилденип калса Өмүрбек Бабановго өлкө тагдырын ишенип табыштоого такыр болбой турганына далил болот. Мында кандайдыр бир чындык болушу ыктымал. Себеби, казак туугандар Өмүрбек Токтогуловичтин кайын журту болуп жатпайбы.
- Бабановдун Көкбөрүгө эч кандай тиешеси жок. Ал эмне үчүн Астанага барып оюнчулардын убактысын алды деп ойлойсуз?
- Негизи бул саясатчы “улут намысына” байланышкан Көкбөрү оюнунун жыйынтыгына киришпесе болмок. Андай кызмат көрсөтпөсө деле “күйөө баланы пайгамбар сыйлаптыр” деп казактар шайлоодо колдошмок. Эгер Бабановдун андай далдалчылыка (улут намысын тебелөө, улуттук кызыкчылыкка чыккынчылык кылуу менен) барганы далилденсе ага “саясий саткын” деген бейрасмий жарлык тагылат да президенттик жарышка катышууга моралдык жагы кыйын болуп калат. Бул деген сөз “экс-бизнесмендерге б.а. соодагерлерге мамлекеттин эки тизгин бир чылбырын ишенип табыштоонун астында коомчулук жакшылап ойлонуп чечим чыгарыш керек деген конгуроо болуп калды.

"Саясат. kg".