Бишкек, “Саясат. kg”. Президенттик шайлоонун алдындагы “чымынды пилдей көрсөтүү” пиар-жүрүшү  кайрадан башталды. Маселен, интернет сайттардын бири “президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Москвага барып, Россия бийлигинин таасирдүү фигураларынын бири менен жолугуп, узакка сүйлөшүп кайтты” маанайдагы маалыматын жарыялады. Мындай маалыматтын жарыяланышы да жөн жеринен эмес экенин жакшы билебиз. Муну менен алар “Бабановду Россия колдоп атат да” деген коомдук пикир жаратууну көздөп атышканы түшүнүктүү.

 

 

 

Буга чейин өзүн Ош шаарынын “кожоюну” эсептеп келген Мелис Мырзакматов да кайсы бир шайлоонун алдында Москвага барып, Кызыл аянтта ары-бери басып, аянттын ары жак башындагы Ленинге түспѳлдѳш киши менен бир сүрөткө түшүп, кайра бери жак башындагы Сталинге окшош киши менен дагы сүрөткө түшүп келип анан “Мырзакматов Кремлдеги таасирдүү фигура менен жолугушту” деген каңшаарды таркаткан.

 

Эми ошол эле аракетти Өмүрбек Токтогуловичтин жасап атканы кызык. Же өзүн Мырзакматовдун деңгээлиндеги эле саясатчы эсептеп атабы? Же “Мырзакматовдон эмнем кем?” деп Кызыл аянттагы эки “Ленин”, бир “Сталин”, бир “Николай-2ни” чогултуп туруп чогуу сүрөткө түшүп койдубу? Айтор, Бабанов өзүнүн Москвага сапары тууралуу маалыматты заказ менен жарыялаткан соң, ага түрдүү комментарийлер жазылды. Мисалы, “Бабанов Москвага барып, кайсы бир саясатчынын жардамчысынын жардамчысынын экинчи жардамчысы менен жолугуп келсе керек го” деген сыяктуу. Ал эми ишенимдүү булагыбыздын кабарлашынча, Бабанов Москвадагы “жоортуулунда” орус президентинин аппаратындагы чечүүчү адам менен эмес, Россиянын Тышкы иштер министрлигинде иштеген катардагы эксперт менен чайлашыптыр.

 

Дал ушул окуя интернет желесинде кызуу талкууланып аткан кези. Маселен, адвокат Нурбек Токтакунов социалдык түйүндѳгү баракчасында: “Бабанов, отправившись в Московию, подтвердил свою банальность, а я то думал, что он креативный», - деп жазган.

 

Эӊди ушул жерден үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда өткөн “Республика-Ата Журт” партиясынын курултайы эске келет. Ошол курултайда Ө. Бабановдун президенттикке талапкерлиги көрсөтүлгөн (кийин К. Ташиев “Республика-Ата Журт” деген партия жок болгонун айтып чыккан соң, кайра өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен чыгууга аргасыз болгон). Мына ошол курултайда Өмүрбек Бабановго 2005-жылы канкор Курманбек Бакиевди бийликке алып келүүгө чоң салымын кошкон Үсөн Сыдыков менен канкор бийликтин премьер-министри болгон Данияр Үсөновду тарбиялап өстүргөн, Акаевдин сүймөнчүк кадры Апас Жумагулов бата берип атышпайбы. Үсөн Сыдыков 2010-жылдагы апрель революциясын таптакыр тааныгысы келбей, майда контрреволюцияларды жасоо менен Исхак Масалиевди бийликке алып келгиси келген. Бирок, элибиз анын арам оюн колдоого алган эмес.

 

Мына ушундай эски бийликтердин, болгондо да үй-бүлөлүк, кландык, канкор бийликтердин режимин колдоп келген саясатчылардан бата сураганы Бабановдун беделине доо кетирген. “Бабанов эмнеге өзүнү-н жердеши болгон кадыр-барктуу, белгилүү мамлекеттик ишмер Корчубек Акназаровдон бата сурабай, кайдагы кадыр-баркына көлөкө түшүп калган саясатчылардан бата сурады? Же бул дагы кайра Бакиевдердин бийлигин кайтаргысы келеби?” деген түпөйүл суроого жооп таба албай калышкан. Айрым маалыматтарга караганда Ө. Бабановго таластык аттуу-баштуу аксакалдар өздөрү бата берүүдөн баш тартып коюшкан.

 

Анан өзүнө жердеш аксакалдар бата бербеген Бабановго Кремль бата бермек беле?