Ар кандай шайлоолордун алдында кулакка жагымдуу убадаларды катыра берүү жагынан алдына адам салбаган Өмүрбек Бабанов бул ирет ажо жарышка аттанып отурат. Анын 2010-жылдагы жана 2015-жылдагы парламенттик шайлоолордо элибиздин кулагына «илген кесмеси» ишке жарап берди. Аны тана албайбыз. Эки ирет тең ишке ашыра албай турган убадаларын тартынбастан айтып отуруп, парламентке партиясы менен келди. Бирок, бир да жаран, бир да мекендешибиз ушул күнгө чейин Бабанов айткандай 7 пайыздык кредит ала элек. Бирок, Бабанов өзү Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан 17 миллион долларды 4 пайыздан алып алганын коомчулук жакшы билип калды. Мындан улам Өмүрбек мырза элге 7 пайыздык кредитти убада кылып, өзү 4 пайыздык кредит алыш үчүн парламентке келген турбайбы деген түшүнүк пайда болду.

 

Бирок, ошого карабастан эми ал өзүн өзү көкөлөтө мактай баштады. «Мен узак жылдардан бери ишкерлик менен алектенем, ишкермин. Байлыгым жетиштүү, токмун. Андыктан мен эми эл үчүн таза иштейм» деген маанайдагы пиар-жүрүштү жасоодо. Анын маалымат саясатын жүргүзгөн пиарчылары да ушул багытта иш алып барууда. Анын штабына иштеп берүүгө макулдугун берген эксперттер да ушундай эле пикирлерди айтууда. «Бабанов бизнесмен, байлыгы көп, курсагы ток, андыктан эми мамлекетти гана өнүктүрүү үчүн иштейт» дешүүдө алар. Албетте, Бабановдун байлыгы башынан аша турганын баарыбыз билебиз. Бирок, анын ишкер экенинен күмөн санагандар көп. Ошол жыйнаган байлыгы да таза жол менен табылганынан шектенүүлөр бар. Кандайча дейсизби? Себеби, анын бизнес жаатындагы жасаган ишмердүүлүгүн иликтей келгенде жалаң түптөлүп, «ити чөп жеп» калган бизнестерди тартып алып, анан өзүнө өткөрүп, андан ары иштетип калганын билебиз.

 

Анда эмесе бул ирет Бабановдун бизнестери кандай «түптөлгөнү» тууралуу кепти баштайлы.

 

Ийгиликтүү иштеп аткан банкты мажбурлап «банкрот» кылуу кандай болот?

 

Азыркы тапта өлкөбүздөгү аттуу-баштуу банктардын бири «АКБ Кыргызстандын» кожоюну Өмүрбек Токтогулович экендиги белгилүү. Мына ушул банкы аркылуу ал мекендештерибизге 20%дык үстөгү менен кредит берип келет. Өзү болсо Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан 4 пайыздык үстөгү менен 17 миллион доллар алганын жогоруда айттык. Эми логиканы жакшылап иштетсек, ошол 17 миллион долларды кайра өзүнүн банкы аркылуу калкыбызга 20%дан берип аткан жокпу деген жөнөкөй эле суроо жаралып жатпайбы. Ошондо ал ортодон жөндөн жөн эле, эч кандай маңдай терин агызбастан 16 пайыздан пайда көрүп аткан болобу?

 

Муну албетте өзүнчө сөз кылыш керек. Биздин айтайын дегенибиз башка. Мына ушул «АКБ Кыргызстан» банкына Бабанов кандайча ээлик кылып калды эле? Өмүрбек мырзага чейин аталган банктын ээси Шарипа Садыбакасова болчу. Анын айтымында, Бабанов бул банкты Бакиевдердин доорунда Максим Бакиевдин жардамы менен күчкө салып эле тартып алган. Муну Шарипа Садыбакасова өзүнүн китебинде да жазган.

 

Адегенде ошол китептен үзүндү келтирели: “Ошентип ызаалуу күндөр арбый берди. Максим дегендин эч кимден коркпой, эч нерседен кайра тартпай турганын көрүп, чындап эле санаага баттым. Мен го мен, алтымыштын жарымынан өтүп баратам, иштээримди иштедим, көрөөрүмдү көрдүм. Бирок, өзүм да кеч турмушка чыккандыктан, балдарым жашыраак эле. Эки кызым, уулум үчөө тең банк иштери боюнча адис болушуп, ушул банкта иштеп жатышкан. Ошолорду аядым, жалгыз баламды майып кылып коюшабы дедим. Акыры мен макул болдум, 10% акцияны кимге өткөрүп берейин десем, Максим: “банктын 60%ын топтоп, Бабановго өткөрүп бергиле!” – деди. Ошону менен өзүм түптөгөн, өз жаным менен барабар болгон “Кыргызстан” АКБын баскынчыларга берип, сынган көңүл, ооруган жүрөк менен бул жерге, орусиялыктарга караштуу “Аманбанкка” келип иштеп калдык”, - деп жазылат Шарипа айымдын китебинде.

 

Бабанов өзүнүн максатын жүзөгө ашыруу үчүн адегенде «АКБ Кыргызстандагы» Аскар Салымбековдун 30 пайыздык үлүшүн сатып алган. Ш.Садыбакасованын эркин гезиттердин бирине курган маегинде айтканына караганда, аны да мыйзамсыз жол менен сатып алган экен. Анан ал Салымбековдон сатып алган үлүшүн кайра Садыбакасовага 5 миллион долларга сата турганын билдирип, кийин кайра 7 миллионго көтөргөн. Натыйжада Садыбакасова Бабановдун үлүшүн сатып алган эмес.  

 

Көрсө, Бабанов ошондо өзүнүн «тактикасын» жасап аткан экен. Ал калп эле «үлүшүмдү сатам» деп, «АКБ Кыргызстан» банкынын канчалык дарамети бар экендигин текшерүүгө алган. Анан акырындык менен Максим Бакиевдин ишенимине тереңдеп кирип, анын жардамы менен аталган банктын үстүнөн кайра-кайра ыксыз текшерүүлөрдү жүргүздүрүп, «иши солгундап, банкротко жетеленип бараткан» банк катары көрсөтүүгө аракет жасаган. Аягында ошол убакта президенттик администрация башчысы болуп турган маркум Медет Садыркулов Шарипа Садыбакасовага ачык эле банкты сатуу сунушун киргизген. Муну албетте Садыркулов өзүнүн эрки менен эмес, Максим Бакиевдин кийлигишүүсү менен жасаган деп түшүнө берсек болот.

 

Ш. Садыбакасова ошондо аргасыздан «АКБ Кыргызстан» банкын 30 филиалы жана сактыккассалары, 74 ар кандай багыттагы структуралары, андагы 550 миллион сому менен чогуу Ө. Бабановдун колуна өткөрүп берүүгө аргасыз болгон. 2008-жылы банктын активдери 2 миллиард 124 миллион 540 миң сомду түзүп, анын 471 миллион 477 миң сому накталай акчалар менен Улуттук банктагы «АКБ Кыргызстандын» эсебинде турган. Ошол убакта банктын алты айдагы кирешеси 35 миллион сомго жетип, Улуттук банк талап кылган бардык экономикалык нормативдерге жооп берген. Мына ушундай көрсөткүчтөр болгондугун тастыктаган документке ошол убакта Улуттук банктын төрайымы болуп турган Бактыгүл Жээнбаева кол коюп, өткөрүп алган. Бактыгүл айым азыркы тапта Бабановдун командасында экени белгилүү, бирок бул фактыны тана албаса керек. Жогорудагылардан тышкары «АКБ Кыргызстандын» аймактардагы филиалдарынын 80 миллион сомду чапчыган имараттары да Бабановго өтүп кеткен.

 

Шарипа айымдын билдиришинче, Банкты сатууну талап кылып ошол убакта дайыма Алексей Елисеев келип турган. Елисеев Максим Бакиевдин кан досу экендиги белгилүү. Демек, ушундан эле Шарипа Садыбакасованын «Бабанов Максим Бакиевдин жардамы менен күчкө салып банкты тартып алды» деп айтып атканында калет жок экендигин билебиз.

 

Эми өзүңүз деле ой жүгүртүп көрүңүз, Бабанов «АКБ Кыргызстан» банкын өзү түптөптүрбү же башка эле бирөөнүн узак жылдар жасаган эмгегин, даяр бизнесин тартып алыптырбы?

 

Бизнесин тартып алып, өмүрүнө коркунуч келтирүү кимдин колунан келет?

 

Өмүрбек Бабанов менен бизнесмен Валерий Хондун ортосундагы жаңжалдуу окуя убагында өтө узакка созулганын жакшы билебиз. Тагырагы, өзүнүн акчасы, өзүнүн маңдай тери менен түптөгөн Валерий Хондун нефтебазасын Ө. Бабанов кандайча тартып алганы тууралуу.

 

«ВОССТ» ЖЧКсынын убагында мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевге жазган катындагы маалыматтарга таянсак, нефтебазаны тартып алуу аракети адегенде Аскар Акаевдин убагында эле башталган. 2004-жылдын 11-ноябрында ал убактагы президенттин эрке уулу Айдар Акаевдин колдоосу менен Бабанов бул бизнести тартып алууга аракет жасаган. Ошол күнү Военно-Антоновка айылындагы «ВОССТ» ЖЧКсынын офисин эртең мененки саат 9:00 чамасында бет кап кийинген ОМОНдор автоматтары менен жана 20 милиционер басып алышкан. Бирок, Акаевдин убагында бул аракет толук жүзөгө ашпай калган.

 

Экинчи процесс 2008-жылдын 1-июлунда нефтебазаны Бабановдун «сатып алышы» менен башталган. Анда Валерий Хон өз эрки менен сатуу-сатып алуу келишими боюнча өз милдеттерин аткарып, бардык документтерди өткөрүп берген. Бирок, тилекке каршы Бабанов тарабынан макулдашылган акча төлөнүп берилген эмес.

 

Анан 2010-жылдын апрель революциясынан кийин В. Хон өзүнүн Бабановго тарттырып жиберген нефтебазасын кайтарып алуу үчүн сотко кайрылган. Мына ошондо анын өмүрүнө эки ирет кол салуу болгон. Биринчиси, 2011-жылдын июнь айында борбор калаабыздын Жаш Гвардия бульвары жана Токтогул көчөсүнүн кесилишинен болгон. В. Хон жаңы эле ал жерден досу менен жолугуп, кайра автоунаасына отурайын деп атканда эки жигит келип, бирөөсү аны муунтуп, экинчиси анын автоунаасына отурууга аракет жасаган. Айрым маалыматтарга караганда В. Хондун өмүрүнө коркунуч туудургандар К. Көлбаевдин адамдары болгон. Алар Ө. Бабановдун «заказы» менен иштешкен. Адегенде Валерий Хон бул кол салууну Бабановдон көргөн эмес, жөн гана анын автоунаасын айдап качууну көздөшсө керек деп ойлогон. Бирок, андан кийин ага телефон аркылуу коркутуулар болгондон кийин гана маселе нефтебаза боюнча болуп атканын түшүнгөн.

 

Айдардан Максимге, Максимден Бабановго «мураска» калган «НТС» телеканалы

 

Бүгүнкү күндө Ө. Бабановдун баскан-турганын калтырбай көрсөтүп, аны асман-айга жеткире мактап келаткан НТС аттуу телеканал бар. Убагында бул телеканалдын көмүскөдөгү кожоюну Айдар Акаев болгон. Анан 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин Максим Бакиевдин карамагына өтүп кеткен. 2010-жылдагы апрель революциясынан соң Максим Бакиев Лондондон кайтпай калып, аталган телеканал табышмактуу жол менен Бабановго тиешелүү болуп калды. Баса, ушул жерден кошумчалай кетүүчү жагдай – Акаев өз өлкөсүнөн куулган 2005-жылдан кийин да бир аз убакыт “НТС” телеканалы Бабановго тиешелүү болуп калган болчу. Бирок, кайрадан толугу менен Максим Бакиевдин карамагында болуп калган.

 

Бул телеканалдын чыныгы кожоюндары кыргызстандыктар эмес, эл аралык шылуундар экендиги да айтылып жүрөт. Себеби, НТСтин негиздөөчүсү «Аянт» ЖЧКсы. Ал 2001-жылы оффшордук аймак катары эл аралык коомчулукка таанылган «Сейшел аралында» каттоодон өткөн. Анын менчиктик формасы да, кожоюндары да улам-улам өзгөрүп турат. Айрым маалыматтарга таянсак, бул каналдын кожоюндарынын бири, 1990-жылдары Чечен согушу жүрүп жаткан кезде Россиянын Борбордук Банкынан жасалма авизо (банктарда ири суммадагы акча ордуна колдонуучу баалуу кагаз) аркылуу миллиарддаган рублдерди алып чыгып кетип, ошондон бизнесин түптөп улантып кеткен чечен улутундагы Зия Бажаев да болгон. З. Бажаев каза болгондон кийин анын байлыгы иниси Муса Бажаевге өткөн. Ал эми «Альянс Групп» компаниясынын ээси М.Бажаев 2006-жылы К.Бакиевдин кабыл алуусунда болгондон көп өтпөй «Кошой», «Кайыңды кант» заводдоруна ээ болгон.

 

Ө. Бабанов НТС телеканалы өлкөбүздө пайда болгонго чейин эле Бажаевдер менен нефть сатуу боюнча кызматташып келгени тууралуу да маалыматтар бар. Балким, ошондон улам ал Акаев Кыргызстандан качып кеткенден кийин азыраак убакыт болсо да НТС телеканалына ээлик кылып калса керек.

 

Бакиевдер өз өлкөсүнөн качкандан кийин аталган телеканалдын 40 пайыз акциясы Ө. Бабановдун жээни Жаныбек Садыгаалы уулунда болсо, калган 60 пайызы М. Бажаевде эле калган болушу мүмкүн.

 

Ошондо бул телеканалдын да негиздөөчүсү Бабанов эмес болуп чыгып атабы? Ал даяр, иштеп аткан гана телеканалга кожоюн болуп чыга келген.

 

Ал эми бүгүнкү күндө борбор калаабыздын чыга беришиндеги «Кудайберген» автобазарын да Бабанов иштетерин билбеген киши жок. Бул автобазардын алгачкы ээси, түптөөчүсү маркум Жыргалбек Суравалдиев болгондугун да жакшы билебиз. Ж. Суравалдиев канкор Бакиевдердин курмандыгына айлангандан кийин гана автобазар табышмактуу жол менен Бабановдун менчигине басылып калган. Кантип? Кимдин колдоосу менен? Менимче, суроого жоопту айттырбай эле билип турсаңыздар керек.

 

Мына ушул мисалдардан эле «Ө. Бабанов ишкерби же баскынчыбы?» деген суроого жооп алдыңыздар окшойт. Бабанов өз колу менен, өз эмгеги менен Кыргызстанда бир дагы бизнести түптөгөн эмес экен. Дайыма даяр, киреше алып келип аткан бизнестерди гана тартып алып турган. Өз мээнети менен бир гана заводду ачкан, бирок, аны да Кыргызстанда эмес, Россиянын Пенза облусунда цемент заводун ачып атпайбы...