Жогорку Кеңештин 21-августта боло турган кезексиз жыйыны болбойт. Ал жыйында учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков шайлоо иштерине байланыштуу ээлеген кызматынан кетиши каралмак. Бирок, бизге жеткен маалыматтарга караганда, депутаттар августта чогулушпайт, алар бул маселени сентябрдын биринде карашат.

 

Ал эми Сооронбай Жээнбеков 21-августта кызматтын тапшырууга арыз жазат. Анын ордуна ким келээри 1-сентябрдагы депутаттардын жыйынында белгилүү болот.

 

Айрым маалыматтарга таянсак, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков өкмөт башчылыгына келиши мүмкүн.