Алдыбызда президенттик шайлоо. Ага катышууга ниет кылган 59 талапкер БШКга арыз менен кайрылышты. Арасында өз ысымын саясатта жарнама кылууну максат кылгандары дагы жок эмес. Арасынан татыктуу талапкерди тандап алуу маанилүү.

 

Албетте курулай убада, аткарылбаган, бирок, элдин кулагына жагымдуу чакырыктар менен шайлоочулардын башын айланткандар чыгат. Бирок, талапкер тандоодо эң алды адамдын буга чейинки саясаттагы тажрыйбасына көңүл буруу керек. Талапкерлердин арасында азаматтар көп, бирок Темир Сариевдин басып өткөн жолу, буга чейинки аткарган жумуштары аны президенттик кызматка бышып жетилгенин далилдеп турган жокпу? Башка талапкерлер учурда “Мен президент болуп калсам, мындай жумушту жасайм!”,-деген убадалар менен чыгып жатышат. Биз, “Сиз президент боло электе кандай жумуш жасадыңыз?”,- деген суроо узатышыбыз керек. Эмне үчүн Темир Сариев? Себеби, ал премьер-министр болуп иштеген кыска убакытта алгылыктуу иштерди аткарууга жетишти жана өзүнүн саясий эрки мыкты экенин көрсөттү. Буга мисал - башка өлкөнүн энчисине өтүп кеткен чоң обьектилерди Кыргызстандын карамагына кайтарып алды.

 

Алар:

 

1. Ала-Бука районундагы жайгашкан “Орто-Токой” суу сактагычы;

2. Ноокен районундагы “Достук”, “Маданият” жана “Октябрга 50 жыл” насостук станциялары;

3. Кадамжай районундагы Кайтпас – Кыргыз-Кыштак үлүшү;

4. Ысык-Көлдөгү Бостериде жайгашкан аянты 28,35 гектарды ээлеген “Алтын кум” пансионаты;

5. Аксы районундагы Чоң Наманган каналы (12,9 км) жана “Чуст” каналы (14,5 км);

6. Баткен облусундагы Сох-Шаймерден каналы (12 км);

7. №1 Фергана автотранспорттук колонна

8. Ысык-Көлдөгү Тоң районунда жайгашкан аянты 10,65 гектарды ээлеген “Бустон” пансионаты;

9. Нарындагы Левобережный каналы (43,1 км);

10. Лаган каналы (11,2 км);

11. ӨКМдин “Фергананефть” обьектиси;

12. Ысык-Көлдөгү Кара-Ойдо жайгашкан аянты 19.05 гектарды ээлеген “Рохат – НБУ” пансионаты;

13. Ысык-Көлдөгү Кара-Ойдо жагашкан аянты 21,77 гектарды ээлеген “Дилором” пансионаты;

 

Ушул обьектилерди Кыргызстандын энчисине алган убакытта кайсы бир топ “Темир Сариев Унгар-Тоону сатып жиберитир”,- деген арам ушактарды чыгарды. 13 маанилүү обьектини жеке керт башын тобокелге салып, өзүнүн токтому менен кайтарып алып жатып, Унгар-Тоону сатып жибермек беле? Тез арада ишке ашып баштаган реформанын жыйынтыгы Темир Сариевди кызмат ордуна тынч калтырган жок. Ага, жалган жалаа коюлуп, “жол курууга байланыштуу коррупциялык иштерге аралашты” деген ушак артынан ээрчиди. “Ал ушактарга адилеттүү жана калыс баа берилсин”- деген Сариев кызматын тапшырып отставкага кетти. Бирок, анын артынан коюлган айыптоолор далилденген жок, жалган болуп чыкты. Кыска убакытта Темир Сариев көзгө көрүнө турган жумуштардын аягына чыкты.

 

 

“Майдан-пресс”, Булак: "Майдан. kg" гезити