Кыргызстан элине, республикадагы Элдик курултайдын жана бардык улутчул мекенчил күчтөрдүн түзүмдɵрүнɵ
Кыргыз эли, анын улутчул мекенчил күчтөрү бир топ жылдан бери элибиздин улуттук өзгөчөлүгүнө, каада-салтына жана менталитетине негизделген курултай институтун мамлекеттик түзүлүштүн катарына киргизүү үчүн күрөшүп келишти. Ааламдашуу процессине ушундай жаңылануу аркылуу гана татыктуу жооп берип, дүйнөлүк ар кандай чакырыктарга бекем туруштук бере алабыз. Биз ушул жол менен гана улут катары сакталып жана өнүгө алабыз. Бирок, бийлик элдин мүдөөсүнө кулак салбады, тескерисинче колунан келишинче бут тосту.
“Ата-Журт” мекенчил партиясынын 2017-жылдын 18-июлунда өткөн кезексиз XI съездинде Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына көрсөтүлгөн талапкер Келдибеков Ахматбек Келдибекович “Ата-Журт” мекенчил партиясынын шайлоо алдындагы платформасын өлкөбүздүн өзөктүү 9 маселесин чечүүгө арнап, эң негизгиси, өлкөнүн бардык багытта жана туруктуу өнүгүүсүн шарттоочу толук кандуу форматта конституциялык реформа жүргүзүүнү зарыл деп эсептеп, чыныгы элдик бийликке жол ачкан Конституциянын жаңы долбоорун элге сунуштады жана аны токтоосуз ишке ашырууга билимин, тажрыйбасын жана бардык күчүн жумшаарын жарыя кылды.
Элдин көктөн күткөнү жерден табылып, курултай институтун киргизүү милдетин республиканын эң кудуреттүү жана эл арасында кадыр-барктуу “Ата-Журт” мекенчил партиясынын такшалган жана белдүү лидери А.Келдибеков өз колуна алды.
Долбоордо эл, мамлекеттик бийликтин түпкү ээси катары жана мамлекетти элдик-демократиялык башкаруу ыкмасы аныкталып, аларга ылайык элдин бийликтин ишин көзөмөлдөө укугу жана бийликтин элге отчет берүү милдети киргизилди. Бул дароо бийликтин жоопкерчилигин жаратат жана коррупцияны ооздуктайт, өлкөнү өнүгүү нугуна бурат.
Эл долбоордун маани-маңызын түшүнгөндө аны жапырт колдоору жана Конституциялык реформа толук кандуу форматта жүргөндө гана, ал аз эле чыгым менен кыска мөөнөттө толук ишке ашып, күтүлгөн эң жогорку натыйжаны берери бышык.
Курултай институту- көптөн бери эл эңсеп күткөн өлкөдө өнүгүүнү, адилеттүүлүктү жана ынтымакты шарттаган жаңы алтын доордун ачкычы, ал эми чыныгы элдик бийликке негизделген Конституция- ал доордун пайдубалы.
Келдибеков съездеги сөзүнүн аягында, өлкөнү жана коомду өнүгүү нугуна өзгөртүүдө партиялаштарына, элге, Ата-Журтуна таянаарын билдирди.
Ошондуктан:
1) Республикабыздын бардык улутчул мекенчил күчтөрдүн түзүмдɵрү, жалпы Кыргызстан эли, бɵлүнүп-жарылбай, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, бир атанын баласындай болуп биригип, жалпы баарыбыз жапырт “Ата-Журт” мекенчил партиясынын шайлоо алдындагы саясий платформасын жана ушул партия кɵрсɵткɵн президенттин кызматына талапкерлер Келдибеков Ахматбекти Келдибековичти жана Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичти колдойлу.
Биздин бул колдообу з- курултайды колдоп, элибиздин келечегин өзүбүз аныктаганыбыз!
2) Ата-Журт мекенчил партиясынын саясий платформасын жана ушул кайрылууну Элдик курултайдын жана башка бардык мекенчил күчтɵрдүн ар бир областтагы, район-шаардагы жана айыл аймактарындагы түзүмдɵрүнɵ жеткирели жана элге кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзɵлү.
Элдик курултайдын Жалал-Абад областык уюмунун атынан:
Саипов А., уюмдун тɵрагасы,
Карабеков К., уюмдун аксакалдар Кеңешинин тɵрагасы,
Cулайманова Г., уюмдун аялдар канатынын тɵрайымы,
Бегматов А., уюмдун жаштар канатынын тɵрагасы,
Мусаев А., уюмдун башка улуттар канатынын тɵрагасы.
Жалал-Абад ш., 25-июль 2017-ж., Булак: "Майдан. kg" гезити