Бабанов маалымат жыйынында өзү тууралуу ушак таратып аткан адам ким экенин билээрин айтты.

 

«Мен эч ким менен тандем жана премьер-министрдин оруну тууралуу сүйлөшүү жүргүзбөгөм. Азыр атаандаштар кырдаалды иликтеп атышат. Бабановдун  дистанциядан чыкканы аларга пайдалуу. Мен тастыкталган нерселер тууралуу айтам. Ушактарды кимдер таратып атканын билем. Эгер токтотушпаса, менин да адекваттуу жооп берүүмө туура келет», - деди Бабанов.

 

Эске салсак, президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

 

Учурда 50дөн ашуун талапкер БШКга кайрылды.