Маалымат жыйынында Өмүрбек Бабанов кантип бутуна турганын айтып берди.

 

«Мен бир да мамлекеттин менчигине кол тийгизген эмесмин. 2005-жылдан бери саясатта жүрөм. Ага чейин ишкер болчумун. Эгер адам мамлекеттик кызматта отурбай туруп байыса ал үчүн сыймыктаныш керек. Банкротко учураган ишканаларды сатып алгам.  Азыр бардык бизнесим үй-бүлөмө тийиштүү, адистердин башкаруусунда турат. Мен эч убакта бизнесимди коргогон эмесмин, баарын абийир чегинде алып бардым. Мен бар нерсемди көбөйтүүнү эмес, сактоону каалайм», - деди Бабанов.

 

Эске салсак, президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

 

Учурда 50дөн ашуун талапкер БШКга кайрылды.