Коомчулукка президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоого барбайт экен деген сымал пикирлер шамалдай тараган. Бул көбүнчө, саясий серепчилердин божомолу менен бекемделип турган.

 

Бүгүн Бабанов маалымат жыйынын өткөрүп, ушак кептерге чекит койду.

 

«Мен тууралуу ар кандай кептер жүрүп атат. Ким бирөө менен тандем түзүп, шайлоодон баш тартат дешүүдө. Жок, андай болбойт. Мен аягына чейин барам, эл колдосо президент болом», - деди Бабанов.

 

Эске салсак, президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

 

Учурда 50дөн ашуун талапкер БШКга кайрылды.