Президенттикке ат салышып аткан Өмүрбек Бабановдун шайлоо штабы «24.kg» маалымат агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясына арызданды.

 

Даттанууну штабдын толук ыйгарым укуктуу өкүлү Эрик Ирискулбеков тапшырды.

 

 Ал президенттик шайлоого дагы бир талапкер Турсунбек Акундун «Азаттык» радиосуна берген маегине нааразычылык билдирген. Акундун айтымында,  өзүнүн шайлоо штабына жергиликтүү тургундар келип, аларга 2-3 жигит жолугуп, Бабановдун пайдасына кол чогултушсу ар бирине миң сомдон беришерин айтканын билдиришкен.

 

«Биздин штабдын өкүлдөрү эл менен жолугушканда, эл айтып атат, Бабановдун штабы акча берип атат, эмнеге силер бербейсиңер деп», - деген Акун.

 

 Бул маек тууралуу маалымат «24.kg» МАда да жарыяланган.

 

Ошондуктан, Бабановдун өкүлү БШКга кайрылып, Турсунбек Акундун жоопкерчилигин кароону жана аталган агенттиктеги макаланы өчүртүп, аккредитациясынан ажыратууну өтүнгөн.