Жекшембиде араб телеканалы билдиргендей, 1-августтан тарта Катар үчүн 9 коридор, анын ичинде Жер ортолук деңиздеги эл аралык жол ачык болот.
30-июлда Сауд Арабия, Бахрейн, Египет жана Бириккен Араб Эмираты "Катар чын дилден терроризмди колдоону токтотуу каалоосун билдирип", коңшу өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишүүнү токтотсо, диалогго барууга даяр экенин ишара кылышкан. Бул төрт мамлекеттин ТИМ башчылары Катар жаңжалын Бахрейндин борбору Манамадагы жолугушууда талкуулашкан.
5-июндан тарта бир катар араб өлкөлөрү чек араларын жаап, Катар менен бардык транспорттук байланыштарын үзүп, Доханы терроризмди колдоого айыпташкан. Кийинчерээк алар Катарды Иран менен кызматташпоого, "Аль-Жазира" телеканалына каржылык жардам берүүнү токтотууга чакырышкан.