Бишкек, "Саясат. kg". “Кыргызстан” партиясынын съездине Өмүрбек Бабанов конок катары катышып, адаттан тыш бир катар билдирүүлөрдү жасады. Негизи президенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлер эч качан мындай билдирүүлөрдү буга чейин жасаган эмес. Ошол эле учурда социалдык тармактарда Бабанов президенттик шайлоодон баш тартып, премьер-министрлик кызматка канааттанып жатканы тууралуу сөздөр жүрө баштады. Бул эмненин белгиси, деги эле мындай билдирүүнүн артында эмне жатат? Дал ушул маселелердин тегерегинде белгилүү саясат таануучу Денис Бердаков орус тилдүү агенттиктердин бирине маек курган. Анын көз карашы төмөндө: 


 - Алгач Өмүрбек Бабанов жогорку кызматка талапкер болуп жаткан Канат Исаевди көрсөткөн съезде конкреттүү эмнени айтканын эстеп көрөлү. “Вечерний Бишкек” басылмасынын версиясы боюнча ал минтип сүйлөдү: “Саясатчылар бири-бирине кечиримдүү болуулары абзел. Саясаттагы адамдар өлкөнүн кызыкчылыктары үчүн биригүүлөрү керек. Биздин бир гана Кыргызстаныбыз, бир гана элибиз бар. Менимче, эгер ушундай мезгилде саясатчылар биригишсе, бул кыраакылык жана даанышмандык болот. Бүгүн Канат Исаев өз талапкерлигин коюп жатат. Бул залда “Ата Журт” партиясынын талапкери да отурат. Мамлекет башчылык орунга дагы башка талапкерлер чыгууда. Жакынкы күндөрү баарыбыз чогулуп, бир столго отуруп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүбүз керек. Ал жерде социал-демократтар да болушу зарыл. Эгер биз бир пикирге келсек – өлкөбүздүн келечеги үчүн жакшы болот. Ал эми, эгер биз бири-бирибизди укпай, өз ара сүйлөшө албасак – эл үчүн андан эч пайда болбойт”.


Менин бул боюнча көз карашым кандай чектен тыш болушу мүмкүн? Биринчиден, “бир столго отуруп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү” шайлоого чейин эмес, шайлоодон кийин өтөт. Ага жеңген тарап чогултат. Негизи шайлоодон кийин чогултуп, алар менен кеңешип, кантип мамлекеттин келечеги үчүн позитивдүү иштерди жасоону талкуулашат. Шайлоочулардын пикирин билбей туруп кантип “келишилген футболдук матчты” уюштурат?


Экинчиден, шайлоодон жеңип чыгуу үчүн эмнеге КСДПны сүйлөшүүгө чакырып жатышы мүмкүн? Бул суроого жооп берүү үчүн, менин оюмча, жакында эле өткөн президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйынын эстеш керек. Ага чейин “Республика – Ата Журт” партиясынын өкүлдөрү бардык жерде Өмүрбек Бабанов расмий түрдө президенттин мураскери болот, маселе чечилген деп айтып жүргөн. Эмне, Атамбаев ал үчүнбү?


Эми болсо Бабанов Сооронбай Жээнбековго жол бошотуп, президент аны эң туура тандоо деп эсептей турганы белгилүү болду. Бул ставка ага токмок болуп калды. Президенттин Чолпон-Атадагы маалымат жыйынында Бабановду мактаганы көпкө талкууланды. Менин оюмча, мунун баары жөнөкөй эле нерсе. Ал Өмүрбек Токтогуловичке: “Бүгүн сенин учуруң эмес” деп далысынан таптап, ыраазы болуп, жакшы жигит экенин айтып, азырынча жогорку бийликке барууга эрте экенин эскерткенсиди. Бул жолу эмес. Менин оюмча, баары ордуна келгенден кийин. Олуттуу аналиктиктердин баары “Республиканын” парламенттеги 28 мандатын олуттуу экенин түшүнөт. Ө.Бабановдун энергиясын, каражатын, жалпы улуттук бизнести түзүүгө эптүүлүгүн, жана саясый тармагын эч ким зордоп тартып ала албайт. Ал жакынкы жылдары системанын барктуу элементи болуп калат. Бирок, ачык эле президент эмес” деген ойду айткысы келди.


 Мындан сырткары, Бабанов өзүнүн жеке социалдык изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен Жээнбековдун рейтинги өсүп, андан ашып баратканын билип турат. Анын үстүнө, мындай көрүнүш тездик менне өсүп жатканына күбө болуп жатат.


 Мындай кырдаалда Өмүрбек Бабанов өзүнө ишенбөөчүлүктү сезип жатат. Эми ал  шайлоо марафонунда абсолюттук фаворит эмес. Ошол үчүн Бабанов социал-демократтарга кайрылып, сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуштап жатат. Өмүрбек Токтогулович премьер-министр болуу үчүн жөнөкөй жолду ойлоп таап (ал белгилүү кепилдик менен буга чейинкидей бир канча айдан кийин премьерлик кызматтан алып салбашын билет) алды.  Жээнбеков болсо эч кандай проблема жок эле президент болот. Эми мүмкүн болуп турган шериктештер буга жооп кайтарабы? Бул эми ачык суроо.