24-июлда, Чолпон-Ата шаарындагы 2-резиденцияда президент Атамбаев маалымат жыйынын өткөрдү. Бул анын президенттик постто тургандагы акыркы, жыйынтыктоочу жыйыны катары кабыл алынды. Жыйынга маалымат каражаттарынын 70тен ашуун өкүлү катышты. Жыйынга адаттагыдай кечигип келген президент суроолордун баарына эле так жооп берген жок. Өзүнө жакпай калган суроолорду буйтап өтүп, ал турмак суроо узаткан журналисттердин бирине “уят эмеспи” деп асылып да алды.
Атамбаев Аскар Акаевди эч убакта кечирбейт
Журналисттер Кыргызстандын мурдагы президенттерин куугунтукка албай, актап, мекенге алып келүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө болоор-болбосун сурашты. А Атамбаев кээ бир адамдардын кылыгын өмүр бою кечирүүгө мүмкүн болбой турганын белгиледи.
“Канча жыл өтсө да, кечирүүгө мүмкүн болбогон адамдар бар. “Аскар Акаевди кечирип койбойсуңбу”- деп айтып калышат. Андай адамдарды кечирүүгө болобу?! Бизде фильм, маданият жана искусствону өнүктүрөбүз деген бир тонна алтын бар болчу. А Акаев болсо аны тойбогон үй-бүлөсү, өзүнүн териси үчүн абасына берип койду. Элибиз ач болуп атканда, ушундайды кечирүүгө болобу? “Кумтөр” долбоорунда 67 пайыз үлүшүбүз бар болчу, анын 16 пайызы гана калды. Мен бул кишини кечире албайм”,- деди Атамбаев.
Экинчи президент Курманбек Бакиевди да унутта калтырбады. Айтымында, бир убактарда Акаев да, Бакиев да алтын кени боюнча экинчи орунда турган “Жерүй” кенин да болбогон суммага соодалап жиберүүдөн аз калышкан.
“Эки жолу аны 300 сомго сатышты. А биз акырында 100 миллион долларга саттык. Ушундай адамдарды да кечирип болобу? Эгер биздин эл акчаны кайда коюуну билгенде, пайдасы тиймек. Ушундай жүзүкаралыкка барган акмактарды кечирмек белек? Эч убакта кечирбейм! Билбейм, балким, менден кийинкилер кечиришеттир”,- деп президент кекчилдигин катуу көрсөттү.
Ошондой эле Акаев жана Бакиевдин учурунда “Кумтөр” боюнча келишимдерге кол койгондорду кайтарып алууга багытталган мыйзам долбоорун парламент өткөрбөй койгонуна да токтолду. “Ал мыйзам кабыл алынганда, кол койгондордун баарын кайтарып келип, ким кол койдурганга мажбурлаганын айттырмакпыз. Алар жаш, акылдуу, билимдүү балдар, тагдырларын Акаев менен Бакиев талкалады. Парламент эмне болсо дароо биринчи өзүнө ылайыктайт. Таза адамдар парламентте жокпу, деп түшүнбөй да кетем”, - деген президент мурунку президенттерге болгон ич күптүсүн соңуна чыгарды.
Мен “Белизгейтти” унута элекмин
Атамбаев “Белизгейтти” унута электигин, прокуратурага көрсөтмө берилгенин айтты.
“Белизгейтти унута элекмин. Ал иш менин көзөмөлүмдү турат. Прокуратурага көрсөтмө берилген. Мен бийликтен кеткенимче жыйынтык чыгат деп ойлойм. Бул иш жабылып калды деп ойлобогула. Эгер кайсы бир нерсени туура эмес кылса, албетте, Абдил Сегизбаев жооп берет. Журналисттер бул ишти унутта калтырышты, мен эмес”,- деди Атамбаев.
Жээнбеков болбогондо, Бабановду колдомок
Атамбаевдин мээрими президент болом деп чубалжыган талапкерлердин арасынан Өмүрбек Бабановго түшүптүр. Ал эгер Сооронбай Жээнбеков болбогондо, кайсы талапкерди колдооруна кызыккан суроого мындайча жооп берди: “КСДПнын талапкери болбогондо, Өмүрбек Бабановду колдомокмун. Учурда, менин көз карашымда, Сооронбай Жээнбеков бир топ өйдө турат. Бирок, ким жеңсе, ошол жеңет. Убакыт бар”, - деди Атамбаев.
“Сөздү бурмалай бербегилечи, айланайындар!”
Атамбаевге кашайып журналисттин суроосу жакпай калды.
“Сөздү бурмалабагылачы, жаш жигит экенсиң, уялбайсыңбы?” - деп нааразы болду.
“Супер KG” басылмасынын журналисти Автандил Добулбеков Атамбаевге акыркы убакта кыргыз элине нааразычылыгы күчтүү экенин айтып, “эмнеге?” – деген суроо узатты.
“2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяга байланышкан мемориалды ачуу учурунда бийлик элге таянганда гана күчтүү болот дегенсиз. Бирок, акыркы убакта сиз элге көп нааразы болуп атасыз. Башка өлкөлөрдүн жетекчилерин мактайсыз”,- деди журналист.
Президент, албетте, “конкреттүү мисал” келтирүүнү өтүндү.
Буга журналист президентке Астанада “Экспо-2017” учурунда “ушунча акча коротсом, мени эл тирүүлөй өрттөп салат болчу”- деп айтканын эскертти.
“Сөзүмдү бурмалабагыла. Мага бул нерсе жакпайт. Мен эч убакта калп айтпагам дебейм, бирок, дайыма принцип менен жашайм. Кээде гана жубайыма тамаша иретинде эркек бир гана аялына калп айтышы керек деп коем”, - деп башка кепке чаргытып, түз суроого түз жооп берүүдөн качып койду.
“Демек, Атамбаев өз элин жамандап, башка өлкөнүн жетекчилерин мактаптыр да э? Жапжаш жигит экенсиң, уят эмеспи”,- деп кайра журналистти беттен алды.
“Орду түрмөдө болгон адамдар да пиар издеп, президенттикке аттанып атышат”
“Эл дагы алданып калышпаса экен деп кабатыр болуп атам”,- дейт президент.
Атамбаев баары эле: абактагысы да, эркиндиктегиси да президенттик такты үчүн ат салышып атканына кейиди.
“Адаттагыдай эле ачыкка чыккан булганыч нерселер шайлоодон кийин жок болуп кетсе экен дейм. Мен азыр кабатыр болуп турам. Кыргызстандын эли ишенчээк, бир заматта баарын унутуп, кечирип салышат. Орду түрмөдө болгон адамдар да пиарланышып, шайлоого катышып атышат. Менимче, бул да өтөт. Эл жана өлкө башкача болот. Саясатчыларды кечирүүгө мүмкүн болбогон окуялар бар. Мен бир ирет булганыч деп айттым эле. Аны дароо президент ашыкча сүйлөп жиберди деп чыгышты. Мамлекет таза колдо болуусун каалайм”,- деди Атамбаев.
“Сасык” дегенден да жаман сөздөр бар
Президент мурда-кийин айрым саясатчыларды “бок” деп атаганын эстеди. Бирок, бул президент үчүн анчалык деле жаман сөз эмес экен.
“Мындан ашкан жаман сөздөр бар. Айтаарым менен баары “Атамбаев сүйлөгөндү билбейт” деп чыгышты. Орой сөз болгону менен цензурадан өтө турган эле сөз. Мамлекет таза колдо болушун каалайм. Өнүгүшүн каалайм. Шайлоонун жыйынтыгы кандай болбосун таанышыбыз керек. Башкысы биз таза шайлоону камсыздап беребиз. Кимдир бирөө добушун сатса, бул башка иш. Биз элди дагы деле ойгото элекпиз, алардагы жоопкерчилик ойгоно элек. Мен бийликти тынчтык жолу менен өткөрүүгө кепилдик берем. Өлкө башка, күч түзүмдөрү башка. Эгер кырдаалды кимдир бирөө курчуткусу келсе, алардын орду башка жакта болот”,- деди президент.
“Майдан-пресс”, Булак: "Майдан. kg" гезити