Россиянын саясат таануучулары президенттин айтканын контексттен бɵлүп кароонун кереги жок дешет.
Алмазбек Атамбаев салтка айланган маалымат жыйынында конкреттүү түрдɵ эмне айтканын карап кɵрɵлүчү: «Эгерде КСДПдан талапкер болбогондо, мен Ɵмүрбек Бабановду колдоого алмакмын. Бүттү. Муну менен ɵлкɵ башчысы «РАЖдын» лидеринин «сапатын» белгилеп ɵткɵн.
Бул Ɵмүрбек Токтогулович алдыдагы президенттик шайлоодо чын эле президенттин колдоосуна ээ болот дегенди билдиреби?
Албетте, президенттин мындай билдирүүсүн чечмелɵɵ Бабановчулар үчүн керек. Бирок каалоону чындык катары берүүгɵ да шашылып кереги жок. Мындай пикирлерин Россиянын саясат таануучуларын билдиришти.
Гуманитардык-саясий Институттун түзүүчүлɵрүнүн бири Александр Филипповдун «Вести.kg» маалымат булагына берген маегинде буга чейин Бабановдун командасы президенттин жакшы сɵздɵрүн Бабановдун пайдасына пайдалануу преценттери болгонун айтат.
-“Республика” партиясына кɵзү түз маалымат каражаттары Атамбаев Бабановду ɵзүнүн мураскери катары атагандай айтып, жазышты. Бирок президент бул тууралуу кеп кылган эмес. Ошондуктан Ɵмүрбек Токтогуловичтин штабы ушуга окшогон чечмелɵɵлɵрдɵн оолак болуп турганы оң. Анан кыргыз саясатындагы Бабановго болгон бир жактуу эмес мамилени эске алганда, Атамбаевдин ага ишеним артуусун элестетүү дегеле кыйын. Андыктан Бабановдун саясий технологдору Атамбаевдин бул билдирүүсүнɵ басым жасап, кубанышпай эле коюшса. Президент Бабановго токтолсо болор эле, бирок президент ɵзү белгилегендей, Бабанов ал деңгээлге бир аз жетпейт . Бул жагынан президенттин айтканы менен макулмун. Ал эми бир аз дегендик эсептелбейт, - дейт Филиппов.
Россиялык дагы бир саясат таануучу Сергей Михеев да бул боюнча ɵз оюн “Вести.kg» маалымат булагына билдирип, Россиядан байкоо салган учурда Кыргызстандагы шайлоо алдындагы кырдаалда Атамбаев колдоого алган жалгыз талапкер Жээнбеков болуп жатканын айтты.
-Менин кɵз карашымча, кырдаалды эске алып айта турган болсок, ушул тапта анын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жогорулук кылат. Ал эми башка талапкерлер ɵлкɵ башчылык кызматы үчүн болгон күрɵштɵ бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланып жатышкандары түшүнүктүү эле. Алар да кандай болбосун жеңишке жеткилери келип жатышат да.