«Сөздү бурмалабагылачы, жаш жигит экенсиң, уялбайсыңбы?» - деп балп эттирди президент маалымат жыйынында.
«Супер KG» басылмасынын журналисти Автандил Добулбеков Атамбаевге акыркы убакта кыргыз элине нааразычылыгы күчтүү экенин айтып, эмнеге? – деген суроо узатты.
«2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяга байланышкан мемориалды ачуу учурунда бийлик элге таянганда гана күчтүү болот дегенсиз. Бирок, акыркы убакта сиз элге көп нааразы болуп атасыз. Башка өлкөлөрдүн жетекчилерин мактайсыз», - деди журналист.
Президент, албетте, «конкреттүү мисал» келтирүүнү өтүндү.
Буга журналист президентке Астанада «Экспо-2017» учурунда «ушунча акча коротсом, мени эл тирүүлөй өрттөп салат болчу» деп айтканын эскертти.
«Сөзүмдү бурмалабагыла. Мага бул нерсе жакпайт. Мен эч убакта калп айтпагам дебейм, бирок, дайыма принцип менен жашайм. Кээде гана жубайыма тамаша иретинде эркек бир гана аялына калп айтышы керек деп коем», - деп башка кепке чаргытып, түз суроого түз жооп берүүдөн качып койду.
«Демек, Атамбаев өз элин жамандап, башка өлкөнүн жетекчилерин мактаптыр да э? Жапжаш жигит экенсиң, уят эмеспи», - деп кайра журналистти беттен алды.