2010-жылдагы парламенттик шайлоо “Ата-Журт” саясий партиясынын олуттуу күч экендигин далилдеген соң, революциялык толкунда бийликке келген топто тынчсыздануу жаралып, ошол сааттан баштап бу партиянын лидерлерине аңчылык башталганы белгилүү. Партия лидерлерин куугунтукка алуу менен “Ата-Журтту” ыдыратып, чачыратып жок кылуу башкы максат болгондугун өздөрү азыр ачык айтып жүрүшпөйбү. Ошентип, канчалаган азаптуу кыйынчылыктарды баштан өткөзүп, алсырагандай болгону менен, “Ата-Журт” сынган жок, чөгөлөп баш ийбеди. Партияны түптөгөн Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев ж.б. билинбеген менен нечен түрдүү азаптын арты менен кыйла саясатта такшалып, чыйралып алышты. Бул кийинки саясий кадамдарды жасоодо жанылыштык кетирүүдөн сактайт. Азыр “Ата-Журт” кайрадан, жаңыдан жандана баштады. Алдыда партияда кандай өзгөрүүлөр болот жана эң негизгиси, “Ата-Журт” президенттик шайлоого кимдин талапкерлигин чыгарат? Ушул маселенин тегерегинде “Ата-Журт” саясий партиясынын тең-төрагалары Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибековду сөзгө тарттык.

 

- Жакында “Ата-Журт” саясий партиясынын кезектеги Х курултайы өткөнү турат. Мына ошол чоң саясий окуянын алдында партияны түптөгөн, башында турган инсандар катары “Ата-Журттун” буга чейин басып өткөн жолуна мүнөздөмө бере кетсеңиздер?

 

А.Келдибеков: Биздин партиянын түзүлгөнүнө быйыл 10 жыл болот. Бирок, саясатка активдүү катыша баштагыныбызга 7-8 жыл болуптур. Баштап, партияны түзгөндө катарыбызда 15тен ашуун 3-чакырылыштын депутаттары бар эле. Бирок, “Ак Жол” партиясы пайда болгондон киийн болгону төртөөбүз калганбыз. Мына ушул төрт адамдын тегерегинде 2010-жылы парламенттик шайлоого карата команда топтоп, бизге карата кандай куугунтук, бут тосуулар болбосун, элибиз колдоп, биринчи орунду ээлегенибизди тарых тастыктап турат. Чынын айткан оң, ошондо биз өзүбүздү өтө тажрыйбалуу саясатчы ойлогонбуз. 15-20 жылдап саясатта интриганын атасын тааныткан бизден кыйла кыйын саясатчылар бар экенин, алар бизди жеңил эле алдап коёрун кийин сездик. Биз көрсө, оңой алданып, түз жерден жем болуп берип, ошонун айынан башыбыздан өтө оор сыноолор өттү. Партиянын башында турган лидерлерди бирин калбай камашып, куугунтук уюштурушту. Бизди мына ушинтип чачыратып, туш тарапка чилдей таркатуу менен “Ата-Журттун” атын өчүргүлөрү келди. Биз кыйын күндөрдө да калың журттун колдоосун сезип турдук, ошондуктан да баскан жолубуздан кайткан жокпуз, сынбадык. Темир торго камалган күндөр бизди тескерисинче кыйла чыйралтты, биз көп нерсени билдик, эми буюрса, 5-6 жыл мурда кетирген катачылыктарды кетирбейбиз. Ошондуктан да бүгүн “Ата-Журтту” кайрадан түптөөгө кириштик. Мындан ары Алла Таалам, элим колдосо, партияны жогорку деңгээлге көтөрүп, калк таламын талашкан олуттуу күчкө айлантуу аракетибиз зор.

 

К.Ташиев: Мен да Ахматбек Келдибекович айтып өткөн нерселерге толугу менен кошулам. Учурда абакта жаткан “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев эки жыл мурда өз маегинде: “биз Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүп алып, “Ата-Журт” партиясын максаттуу түрдө молекулаларына чейин талкалап жок кылууну максат кылганбыз. Анткени, булар күч алып кетсе, биздин саясатка олутту түрдө каршылык көрсөтүп, пландарыбызды бузуп коюшу мүмкүн эле. Акыры биз ошол максатыбызга жеттик, “Ата-Журтту” молекуласына чейин талкаладык”,- деп айткан эле. Мына эми Ө.Текебаев убагында бизге каршы колдонулган ыкма аркылуу өзү камалып, партиясы чачырады. Мен муну табалап айткан жерим жок, тарыхый фактыны гана тастыктап жатам. Ачыгын айтуу керек, бир дагы партия, бир дагы саясатчы биздин башыбызга түшкөндөй оор сыноону башынан өткөзгөн жок. Акыркы 6 жылда “Ата-Журтка” каршы жүргөн аңчылык, куугунтукту эч кимдин башына салбасын. Биз артыбызда калың журт турганын бир мүнөткө да унуткан жокпуз, ошондуктан, аягына чейин өз оюбуздан кайтпай күрөштүк, азыр да күрөшүп жатабыз. Кадырлуу журтубуздун колдоосун сезген үчүн да биз сынбадык. Эл колдосо бийлик канча капкан койбосун, бир дагы саясатчыны сындыра албастыгын биз өз тагдырыбыздан билдик. Саясатты бекеринен кирдүйнөгө салыштырышпайт. Биз баарын түз айтып, таза саясат жүргүзгүбүз келген. Бирок, саясаттагы карышкырлар оңой эле жолундан буруп коёт турбайбы. Буюрса, биз дагы кечээки алданып олтуруп берген балдар эмеспиз. Быштык. Биз буга чейин булардын сценарийи менен саясатта жүргөн болсок, эми өзүбүздүн сценарий менен кетебиз. Башкаларды да биздин сценарий менен саясат жүргүзүүгө мажбур кылабыз. Азыр “Ата-Журт” жаңылануу алдында турат. Буюрса, биз оңой эмес күч экенибизди далилдейбиз.

 

- Туура, жеке сиздердин үстүңүздөрдөн жүргөн респрессиялык аракеттер баарыбызга маалым. Ошентсе да, коомчулукта сиздер камалып чыккандан кийин “мурдагыдай күчтүү оппозиционер болбой калышты, бийликти сындай албай, мизи кайтты”,- деген кептер көп айтылчу болду. Буга кошуласыздарбы?

 

К.Ташиев: Эми биздин дарегибизге бүгүнкү күндө эмне деген гана сөздөр айтылып жаткан жок. Ошонун баарын бир гана максат менен, эптеп бизди жаманатты кылуу, элге тескери жагынан мазактап көрсөтүү үчүн чыгарып жатышат. Оппозиционер болуу вазийпасы оной-олтоң нерсе эмес. Бийликтин бир бурчунда туруп алып же депутаттык трибунадан пайдаланып оппозиция болуу оной. А бирок, көчөдө туруп оппозиционер болуу бир топ машакаттуу иш экенин тарых көрсөтүп турат. Ошого карабастан, биз ар дайым калыс пикирибизди аянбастан айтып келе жатабыз. Балким, мурда мындан курчураак чыккандырбыз. Азыркы тапта саясатты мурункудан жакшыраак билип, терең таразалаган саясат жүргүзө баштаганыбыздан улам бизге жогорудагы сөздөрдү айтып жатышса керек. Ачыгын айтып коеюн, “бийлик менен сүйлөшүп алды, сынып калды”,- деген кептердин бир дагы чындыгы жок. Азыркы бийлик менен биздин ортобузда эч кандай сөз болушу мүмкүн эмес. Бизди тозоктун отуна салып берген бийлик менен эч кандай ишибиз болбойт. Муну мен так кесе айтып жатам. А кандай иштөө керектигин, элге кантип кызмат кылуу жагын буюрса бийликке келгенде буларга көрсөтөбүз. Ошондо салыштырып, “көрсө, иштесе болот турбайбы”- деп азыр жалган статистика менен алек болгон бийликтеги “иштермандардын” көзү ачылып калаар...

 

А.Келдибеков: Камчыбек Кыдыршаевич эң туура белгилеп өттү. Биз “саясатта досчулук болбойт, кызыкчылыктар гана болот”- деген аксиоманын курмандыгы болдук окшойт. Чогуу кетип жатып эле сатып кеткендер болду. Алдаганы чыкты. Ошонун айынан да башыбызга тоодой балакет үйүп алып, андан араң кутулуп чыктык. Акыркы 4-5 жылды алалы, эмнеге биз мурдагыдай күчтүү сын-пикир айталбадык. Анткени, колубуз бошогон жок. Камалдык, андан кийин узакка созулган сот менен алек болдук. Ошентип жүрүп эле кыйла убактыбыз өтүп кетти. Өз актыгыбызды далилдөө үчүн соттон башыбыз чыкпай калды. Камчыбек Кыдыршаевич камалып, соту болду. Соту бүткөндөн кийин үй-бүлөсүнө куугунтук уюштурушту. Мына эми гана колубуз бошоп, кайрадан Камчыбек Кыдыршаевич экөөбүз биригип, “Ата-Журтту” жандандыра баштадык. Сен жаныңдагы адамга чын дилиңден ишенмейин, сенин саясаттагы жолуң узак болбойт экен. Биз Камчыбек Кыдыршаевич экөөбүз жүрөгүбүз менен бириктик. Жүрөк экиге бөлүнгөндөй, бир бөлүгү мен, бир бөлүгү Камчыбек Кыдыршаевич. Мына ушул улуу ишеним менен баштаган ишибиз Кудай буюрса, чон жеңиштерге жеткизерине көзүм жетип турат.

 

Мына сиз “бийликти сындабай калдыңар”- деп жатасыз. Сынды дагы айтуунун өз эрежеси болот. Биздин башыбыздан өттү, кантип гана жамандашкан жок. Адамдык сапатыбызга шек келтирип, шылдыңдап, маскаралап мынабул бийликтин куу жүгүрүктөрү, машкелери канчалаган макала жазып чыгарышты. Эч качан адамдык ар-намысына тийбеш керек. Президент деле азыр соттошуп жатпайбы, “менин ар-намысыма шек келтирди”- деп. Биз сотко берсек, аны карап да коюшпайт. Ошентсе да, биз бийликтин машкелерине окшогубуз келген жок. Сынды ишине карап айтып жатабыз. Фактыларга таянып айтабыз. Мурунку Келдибеков менен Ташиев жок. Биз сүйлөгөн сөзүбүз, жасаган ишибиз салмактуу болушуна күч үрөп жатабыз. А азыркы бийликке оппозициялык ишмердүүлүгүбүздөн баш тарткан жокпуз, аягына чейин күрөшөбүз...

 

- Жыл башында калың журтчулуктун алдында сиз экөөңүздөр жана Адахан Мадумаровдун биригип, бир күч болгонуңуздарды маалымдаган элеңиздер. Ошондон улам, айылдардагы аксакалдар, энелер “үч баатырыбыз бирикти”- деп көзүнө жаш алган. Бирок, өткөн жумада Адахан Мадумаров “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын съездин өткөзүп, президенттик жарышка өз алдынча бара тургандыгын билдирди. Бул сиздердин “үчилтиктин” биротоло бузулуп, чачырап жок болгондугун туюндурабы?

 

А.Келдибеков: Биз бириккенде көп адамдын түн уйкусу бузулду. Ошондуктан, азыр ооздоруна келгенди оттоп жатышат. “Ит үрө берет, кербен жүрө берет”- деп айтылат. Буга карата “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын курултайында да Адахан Мадумаров айтты го: “бизди ажыраштырам дегендердин тилегин таш капсын”,- деп. Ошол сыңары, бул дагы биздин саясий жүрүшүбүз, тактикабыздын бири.

 

К.Ташиев: Адахан Кимсанбаевич тажрыйбалуу саясатчы, өзүнүн партиясы бар. Ахматбек Келдибекович айтып өткөндөй, биздин да саясаттагы билген стратегиябыз бар. Адахан Мадумаровдун өз партиясы аркылуу аттанып чыккандыгы да тактикалык кадам. Аны өз учуру келгенде эл түшүнүп алат, азыр анын баарын ачыктай албайбыз. Ошол сыңары, биз дагы өзүбүздүн “Ата-Журт” партиябыздан талапкер болобуз. Азырынча ушул чечимге келдик. А бирок, Адахан Мадумаров менен чогуу бир адам болчу да күн келет. Биздин максатыбыз, ой-тилегибиз – бир.

 

А.Келдибеков: Бийликтин жугундукор сайттары, газеталары буга абдан маани берип, мыскылдап дагы да жазып жатышпайбы. Булар кожоюндарынын айтканын жазат да. Бийликтин чычалап жатканы – биз тандап алган стратегиябыздын туура экендигинин белгиси. “Чындык чычалатат”,- деген сөз бар.

 

- Эми эң негизги маселеге көңүл бурсак – “Ата-Журттун” атынан президенттик шайлоого кимиңиздер талапкер болуп чыгасыздар?

 

А.Келдибеков: Камчыбек Кыдыршаевичтин Алайда калың элдин алдында, “мен Ахматбек Келдибековичти колдойм”,- деген сөзүнө чоң рахмат. Ошол Алайдагы жолугушуудан кийин бийлик “Келдибековдун соттолгондугу 8-ноябрда бүтөт”,- деп, шашып, мыйзамдарды көзгө илбей жарыя кылганын эске алып, биз, “Ата-Журт” партиясынан К.Ташиев экөөбүз тең талапкерлигибизди көрсөтөлү де чечтик.

 

К.Ташиев: Кыргыз элинде “уучубуз кур эмес экен”,- деп айтылып калат го. Ошол сыңары, биздин партиябызда президенттикке татыктуу талапкерлер бир топ. Учурда бийликтин бизге каршы куугунтугу, кысымдары бизди ар кандай жолдор менен барууга түртүп жатат. Бир эле даңгыр жол менен кетүүбүзгө тоскоолдуктар көп болууда. Мен үчүн Ахматбек Келдибекович талапкер болуп чыгабы же мен чыгамбы, анчалык деле айырмачылыгы жок. Анткени, экөөбүз чогуу бул саясатка кадам таштаганбыз. Бири-бирибизге ишенебиз. Жакындан билген адам катары айтып коюум керек – эгерде Ахматбек Келдибекович президент болуп шайланып калса, элибиз, мамлекетибиз үчүн чоң утуш болот эле.

 

- “Эл оозунда элек жок”- деген сыңары, сиздерди “президенттик шайлоодо аягына чейин барбайт, бара-бара башка талапкерге кошулуп кетет”- деген тейде айткандар бар. Мына ушундай да бурулуш болуп кетиши мүмкүнбү?

 

А.Келдибеков: Адам баласы кандай кадам жасабасын, ал аракети текке кетпей тургандай болушу керек. Биз дагы президенттик шайлоого баруу чечимин кабыл алдыкпы, ийгиликке жетүү үчүн колдон келген бардык аракетти жасашыбыз шарт. Ансыз деле биздин жолду бөгөп, мыйзамсыз ыкмаларды колдонуп жатышат. Мыйзам бүгүн иштебейт. Мындай шартта биз дагы ар кандай жүрүштөргө барууга мажбурбуз. Анын ичинде башкы максатыбызга жетүү үчүн башка да саясий күчтөр менен сүйлөшүүбүз мүмкүн. Азыр көп саясатчылар бирдеңкелерди айтат да, эртеси карасак, сөзү менен иши дал келбей калат. Ошондуктан, Кудайдан ашык сүйлөбөш керек. Баарын Алла Таалам билет, насип кылып элдин жүрөгүнө салып койсо, бийлик канчалык тоскоолдук жаратпасын, анын айтканы болот.

 

К.Ташиев: Шайлоо сайын эле биз чыгып жаткан талапкерлердин ата тегин, жердигин сүрүштүрүп, кокту-колот, уруу-урууга бөлүнгөндү адат кылып алдык. Анткен менен, мына ошол өз ара бөлүнүү, түндүк-түштүк айырмачылыгын жоюу үчүн туура мамиле жасасак, шайлоо чоң мүмкүнчүлүк берет. Ошондуктан, сүйлөшүүлөр сөзсүз болушу шарт. Саясий күчтөр ирилешип, кошулуп кетсе, элибиздин ынтымагына да оң таасир берет. Шайлоону ошондуктан элдин ынтымагын чыңдоого, биримдигин бекемдөөгө колдонуу зарыл. Анткени, элибиздин биримдигинен маанилүү эч бир нерсе жок.

 

- Бир аз төбөсү көрүнө түшкөн экспертинин баары тең эле “Ата-Журтту” аймактык негизде гана түзүлгөн партия катары карашат. Ошол “ярлыктан” кутулуу үчүн кандай кадамдар жасалып жатат? Түндүктөн да катарыңыздарга келип кошулгандар барбы?

 

К.Ташиев: Биздин “Ата-Журтту” шайлоолор башталганда эле ар дайым “түштүктүн партиясы” деп калышат. Мындан качыштын кереги жок, анын үстүнө бул сөздү биз чыгарган жокпуз. 2010-жылдан бери бийликке жападан-жалгыз биздин партия оппонент болуп келе жаткандыктан, бизди жаманатты көрсөтүү аракетинде ар кандай ыплас сөздөрдү чыгарышат. Бизге бул сиз айтмакчы “ярлыкты” илүү менен өздөрү элди бөлүп жатканын сезбегенине кыжырың кайнап кетет. Ошондуктан, эл ынтымагы жөнүндө сүйлөбөй эле коюшса жакшы болот эле. Жасаган иштери менен айткан сөзү дал келбейт. Элди бөлүп-жарган иш аракеттеринин баарын санап олтурсаң, гезитиңиздин бетине батпай калат. Баса белгилеп айтып коюу милдет – “Ата-Журт” партиясы элдин калың катмарынан, бардык аймактардын өкүлдөрүнөн турган күчтүү саясий уюм. Бизде эл-жердин бүтүндүгү үчүн сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө күрөшкөн адамдар бар. Бардыгы эл патриоттору. Азыркы бийликтегилер өзүнүн айылына, көчөсүнө асфальт сала турган болсо, биздин партиялаштар жалпы Кыргызстанды ойлогон адамдар.

 

А.Келдибеков: Президент А.Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып да, ушул маселеге көңүл буруп кетти. Ар качан шайлоонун алдында булардын жаман адаты башталат, бизди “эл душманы, регионалист” көрсөтүүгө жан үрөшөт. Мына азыр да бизди “канкор Бакиевдин кадрлары” деп кайрадан дүжүр гезит-сайттары тынбай жаза баштады. Бакиевдин кеткенине жети жыл болду го. А булар дагы эле элди алаксытып, жеке катачылыктарын дале Бакиевге шылтаган адатын таштай албай жатышат. Ал кеткенден берки жети жылда деле эл жыргап кеткен жок, а элди бөлүп-жаруу тескерисинче күч алып кетти. Же Бакиевдин тушунда булар кандай кызматтарда иштегенин эске салып кетейинби? Булар чечүүчү, майлуу-сүттүү кызматтарды Бакиевдин да, Акаевдин да тушунда ээлеп турган. Анан эле парашюттан түшкөнсүп, “биз таптазабыз, а булар бакиевчилер”- деп калышат. Кечээ кайда жүргөнүн унутуп, минтип элди бөлүп сүйлөп жатышканы – эки жүздүүлүк.

 

Мына бизди “түштүктөн чыккан саясатчы” дешет. Ооба, Камчыбек Кыдыршаевичтин туулган жери Жалал-Абад, меники Ош областы. Бирок, биз 25-30 жылдан бери Бишкекте жашап, бишкектик болуп калдык да. Мына, жашырбай эле айталы, азыркы бийликтин тушунда түштүктүн саясатчыларынын 90 пайызына кылмыш ишин козгоп, камашты. Бул ачыктан ачык элди бөлүп-жаруу болбогондо, эмне? Кызмат бөлүштүргөндө да дароо ушул жердигине маани беришет. Мына азыр бийликтин партиясы КСДПда өз ара ажырым бар экени оркоюп көрүнүп калды.

 

- Сиздерге каршы канчалык мыйзамсыз иш-аракеттер жасалса да, сиздер “мыйзам сыйлаган” адам болуп, унчукпай келе жатасыздар. Учурда президенттик шайлоонун таза өтүшүнө өтө оптимист адамдар гана ишенбесе, ага үмүт деле жок. Бул сапар да бийлик сиздерге карата дагы мыйзамсыз кадамдарды жасаса, шайлоодо добуштарыңыздар уурдалып, адилетсиздик өкүм сүрсө, көнгөн адатка салып, унчукпай олтуруп бересиздерби же...

 

А.Келдибеков: Муну так ошол учуру келгенде көрөсүңөр. Биз бир дагы добушту уурдатпайбыз, жол бербейбиз. Мына ошол “шайлоо таза өтөт” деп жаткан бийлик “экономика 6,8 пайызга өсүүдө”- деп айтты. Маалыматын уксаңар, биз тимеле жыргал жашоодо күн кечирип жатыппыз. Ушунун өзүнөн эле бийликтин элден ажырымы огобетер асмандап кеткенин байкаса болот. Демек, таза шайлоодо бийлик утулаары бышык.

 

К.Ташиев: Кыргызстанда президенттен баштап бардык жооптуу кызматтарда КСДПнын өкүлдөрү олтурат. 6 жылдан бери каалаганын жасап келишти. Өлкөнү ондогусу келген болсо, ага кеңири убакыт берилди, эч ким тоскоолдук кылган жок. Эл мына ошого карап, бийликтин жасаган ишине карата баасын шайлоодо бериши керек. Жакшы иштеген болсо колдосун... Кыскасы, баары элибиздин колунда. Адашпай, жүрөгү менен добуш берүүсү тийиш.

 

Маектешкен

Нургазы Анаркулов

 

Булак: “Майдан.kg” гезити