22-июлда, Бишкекте «Кыргызстан Коммунисттер» партиясынын сьезди болду. Анда 150дөй делегат катышып, президенттик шайлоого партиядан ким талапкер болуп чыгаарын чечишти.

 

Партиянын лидери Исхак Масалиевдин талапкерлиги сунушталып, ачык добуш берүү менен колдоого алынды.

 

Эске салсак, Масалиев учурда «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан парламентте депутат болуп отурат. Бул тууралуу айтып, лидер: «Мен партиянын дисциплинасын сактайм, Бакыт Төрөбаев да талапкер. Бирок, азыр таарына турган убак эмес, таарынычтар болбойт деп ойлойм. Эгер экөөбүздүн бирөөбүз  өтчү болсок, экинчибизди унутта калтырбайбыз», - деди Масалиев.

 

Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.