Бүгүн, 18-июлда, Улуттук филармонияда «Ата Журт» партиясынын съезди өтүүдө. Андагы негизги маселе – партиянын атынан президенттик шайлоого талапкер чыгаруу.
«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери, президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев Камчыбек Ташиев менен мамилеси абдан жакшы экенин белгиледи.
«Айрымдар мени Ташиев менен начар мамиледе деп айтышат экен. Бул туура эмес. Ташиев менин агам болот. Алдыңкы, такшалган саясатчы агама сыйым чоң», - деген Төрөбаев:
«Ата Журт» жолунда көп кыйынчылыкка туш келди, бирок, сындабы, тескерисинче чыйралды. Эң башкысы бул партиянын сатпаган эл-журту бар. 2010-15-жылдагы парламенттик шайлоо буга далил. Сиздер күчтүүсүздөр, анткени, эл мененсиздер» - деди.
Ошондой эле, ал партиянын сүездине келген делегаттарга кайрылды:
«Сиздер бул жерге жумушумдан айрылып калбайын деп корккондон эмес, жүрөгүңүздөр менен келдиңиздер».
Андан ары Төрөбаев Ташиевдин дасыккан мыкты саясатчы экенин белгилеп, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо ага добуш берген шайлоочулардын саны «рекорд көрсөткүчүнө» жеткенин эске салды.
«300 миң адам Ташиевге добуш берди. Мындай буга чейин болбогон болчу», - деп кошумчалады.
Эске салсак, президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.
Учурда БШКга президенттикке талапкерликке өзүн көрсөтүп жана партиянын атынан арыз жазгандардын саны 30га чукулдап калды.