Бүгүн, 18-июлда, Улуттук филармонияда «Ата Журт» партиясынын сүезди өтүүдө. Андагы негизги маселе – партиянын атынан президенттик шайлоого талапкер чыгаруу.

 

Исмаил Исаков: «Мен Келдибековду да, Ташиевди да жакшы билем. Бир убактарда, бул жерде отурган Бекназаров, Ишенбай Кадырбековдор менен парламентте отурганыбызда, соцфонд пенсия, пособиенин ордуна көгөргөн ун, жууганга болбой калган эскирген самынды берип турганда, муну токтотолу деп Ахматбек Келдибековду соцфонддун жетекчилигине алып келгенбиз. Ал аз убакытта мындай көрүнүштөрдү токтотуп, пенсия-пособиени бир гана акча түрүндө бердирте баштады. Мамлекеттик кызматкер деле, эгер ал эл-жер үчүн чындап күйсө, жогору жактан келген көрсөтмө элге каршы болсо, баш тартып, эркин саясат жүргүзө алаарын Келдибеков далилдеди.

 

А Камчыбек Ташиев парламентте нукура эл өкүлү болду. Булар 2010-жылы июнь окуясын токтотууга салым кошуп, Убактылуу өкмөткө жардам беришкен. Экөө тещ президенттикке татыктуу», - деди.

 

Эске салсак, президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

 

Учурда БШКга президенттикке талапкерликке өзүн көрсөтүп жана партиянын атынан арыз жазгандардын саны 30га чукулдап калды.