Бүгүн, 18-июлда, Улуттук филармонияда «Ата Журт» партиясынын съезди өтүүдө. Андагы негизги маселе – партиянын атынан президенттик шайлоого талапкер чыгаруу.
Камчыбек Ташиев Кыргызстандагы оор акыбалды бирден санап, чечилбеген маселелерге токтолуп: “Кыргызстан ушундай коркунучтуу чекке кантип келип калды? Буга өлкөнү башкарган бир ууч топ гана күнөөлүүбү же ага баарыбыз жооптуубузбу?” – деген суроо койду.
“Ар бирибизде жоопкерчилик бар. Мекен алдында эл жүгүн көтөрүү вазийпасын мына биз дагы, “ата-журтчулар” 10 жылдан бери аркалап келе жатабыз. 2007-жылы Кыргызстаныбыздын келечегине кайдыгер карабаган бир нече инсан мына азыр сиздер курултайында олтурган “Ата-Журт” партиясын түптөгөнбүз. Биздин башыбыздан ар кандай кырдаалдар өттү. Ошонун арасында көңүл көтөргөн жеңиштер да, кара тактар да болду. Айрыкча, 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо биринчи орунду ээлеп, негизги олуттуу жаратман күч экенибизди далилдегенден баштап биздин партияга карата анык чабуулдар башталганын жакшы билесиздер! Булардын максаты – “Ата-Журт” партиясын ыдыратып, жер менен жексен кылуу эле. Өлкөбүз эки жолку бийлик алмашуу натыйжасын бербей, артка кетип жатканын, бийликте коррупция, мародёрчулук күчөп кеткенин бетке айткан позициябыз үчүн, 2010-жылдагы түштүк коогалаңынын чыгышына күнөөкөрлөрдү тез арада жазалоо талабын билдиргенибиз, “Кумтөр” сыяктуу эң чоң эл ырыскысын элге кайтаруу керектигин айтып чыкканыбыздын айынан биздин партиянын лидерлери четинен камалып чыкты. Нариман Түлеев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Ахматбек Келдибеков, мен адилетсиздиктин курмандыгы болуп, камалдык. Бир топ партиябыздын алдыңкы активистери качууга аргасыз болду. Кыскасы, биздин партияны туш-туштан алсыратып, чачыратып, жок кылууга болгон күч-аракетин жумшашты. Бир чети, алардын бул планы ишке ашты. А бирок, биздин өзүбүздү, эркибизди, саясий позициябызды сындыра алышкан жок! Биз чындык үчүн күрөшүүдөн эч качан баш тартпайбыз! “Ата-Журт” чындык үчүн күрөшкөн партия!
Ошол эле кезде, бизден дагы кемчиликтер кеткендигин моюнга алышыбыз керек! Бирок, бул жолдо баратып чалынып кеткендик, туура эмес жолдо баратканды түшүндүрбөйт, Индияны эгемендикке алып келген улуу жолбашчысы Махатма Ганди: “алгач сени тоготушпайт, кийин сенин үстүңдөн шылдыңдап күлүшөт, андан соң сени менен күрөшө башташат, акырында сен жеңип чыгасың”- деп айтандай, алгач бизди тоготушкан жок, кийин шылдыңдап күлгөн учурлар да болушту, андан соң аябастан биз менен күрөшүштү, эми урматтуу партиялаштар, жеңип чыга турган учур келди!” – деди Ташиев.
Эске салсак, президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.
Учурда БШКга президенттикке талапкерликке өзүн көрсөтүп жана партиянын атынан арыз жазгандардын саны 30га чукулдап калды.