Камчыбек Ташиев “Ата Журт” партиясынын сүездинде 2016-жылдын каргашалуу окуясы Москвадагы 17 кыргыз кызынын өрттөнүп каза болгонун эстеп, бул элге өз жеринде иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүп бере албаган бийликтин күнөөсү экенин белгиледи.
Бүгүн, 18-июлда, Улуттук филармонияда «Ата Журт» партиясынын сүезди өтүүдө. Андагы негизги маселе – партиянын атынан президенттик шайлоого талапкер чыгаруу.
“Биздин жолдор дээрлик согуш талаасына айланып калды. Биздин журт башындагы жетекчилердин алсыздыгынын айынан эң жүрөк оорутканы, дээрлик 2 миң квадрат километр жерибизден айрылдык. Дүйнөдөгү 192 мамлекеттин ичинен 28 мамлекеттин, башкача айтканда 15 пайызынын аянты 2 миң километр квадраттан аз! Кыскасын айтканда, биз бул 26 жылда чыныгы көз карандысыз, эгемен, кубаттуу мамлекетти кура алган жокпуз! Ушунун айынан миллиондогон мекендештерибиз жарды жашоонун, коррупциянын, адилетсиздиктин айынан өз жерине батпай, качып, ар кайсы өлкөлөрдө тентип журүшөт. Мына ушул 26 жылдык эгемен турмуштун улуу чындыгы өткөн жылы 17 чырактай кыздарыбыздын өмүрүн алган Москвадагы типографиядагы өрттөн кийин айтылды. Ошондо ошол жерде иштеген мигрант кызыбыз айтты эле: “Мунун баарына биздин өлкөнү талап-тоногон, өлкөнү коррупцияга белчесине батыргандар алып келди, ошолордун адилетсиздигинен, иштин жоктугунан бул жакка келип, өрттөнүп өлүп жатабыз!”. Мен үчүн бүгүнкү күндүн улуу чындыгы ушул! Мен айтар элем, биз качанкыга чейин кыздарыбызды өрттөтүп, өлтүрүп коюп карап олтура беребиз, элибизде намыс барбы?” – деди Ташиев.
Эске салсак, президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.
Учурда БШКга президенттикке талапкерликке өзүн көрсөтүп жана партиянын атынан арыз жазгандардын саны 30га чукулдап калды.