Бүгүн, 18-июлда, Улуттук филармонияда «Ата Журт» партиясынын сүезди өтүүдө. Андагы негизги маселе – партиянын атынан президенттик шайлоого талапкер чыгаруу.
“Биз кайрадан эгемендикти колго алгандан берки 26 жыл ичинде бул ыйык милдетибизди кандай аткарып жатабыз? Баштап эгемендик колго тийгенде тебетейибизди көккө ыргытып сүйүнүп, Алла Таалам өз эркиндигибизди өзүбүздүн колубузга салып бергенине мин мертебе шүгүр келтирүү менен бирге, ар кандай улуу кыялдарга жетеленгенибиз азыр да менин эсимде турат! Ооба, мамлекетибиз өнүгүп-өсүгүп, алдыңкы кубаттуу өлкөлөрдүн катарынан орун аларына чындап ишенбедик беле! Жыйынтыгы кандай? Мен жөн гана куру сөз менен айтып олтурбастан, элдин чыныгы абалын даана көрсөтүп турган жагдайларга токтолсом... Союздук бирдиктүү мамлекет тушунда биздин ички дүн продукциябыз киши башына бөлө келгенде 3400 доллардан туура келсе, азыр араң 1 миң доллар болууда. Демек, экономикабыз үч-төрт эсе артка кетти! Билим берүү, саламаттыкты сактоонун деңгээли боюнча союзда эң алдыңкы орунду бербей келсек, учурда эң артына түштүк. Бир эле мисал – жүрөк кан тамыр ооруларынан каза тапкандардын саны боюнча дүйнөдөгү Бириккен Улуттар уюмунда катталган 192 өлкөнүн ичинен 1-орунда турабыз. СПИДдин таралуу денгээли боюнча дүйнөдө 5-орунда экенбиз. Сабаттулуктун деңгээли боюнча союздук мамлекеттер арасынан 1-орунда турсак, акыркы 26 жыл ичинде жада калса айрым африка жана азия өлкөлөрүнөн да артта калып кеттик. А бирок, коррупциянын деңгээли боюнча дүйнөдө алдыңкы сапта турган мамлекеттердин катарындабыз. Бул жагынан Африкадагы жалбырак байланып жашаган жапайы элдерден да алдыга озуп кеттик! Ал эми жол кырсыгынан каза тапкан бөөдө өлүмдөрдүн саны акыркы он жылдыкта 10 миңден ашты, бул салыштырмалуу айтканда, Ооганстанда каза тапкан советтик аскерлердин санына жетип калганыбызды туюндуруп турат, ал эми жарадар болгондорду эсептесек, андан ашып түштүк” – деди Ташиев.
Эске салсак, президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.
Учурда БШКга президенттикке талапкерликке өзүн көрсөтүп жана партиянын атынан арыз жазгандардын саны 30га чукулдап калды.