Президенттик шайлоо жакындаганда эле дагы кандай кызыктар болот экен деп кулагыбызды түрүп калчу болдук. Себеби, дал ушул убакта “бекер концерттерди” көрүп, маанайыбызды ачып алганга шарт түзүлөт. Саясый сахнага аябай олуттуу түр жараткан “живой” куудулдар чыгат. Өзүн өзү укмуштай барктаган, бирок эл барктабагандардын “маршы” башталат. Өзгөчө 2011-жылдагы президенттик шайлоонун алдында мындай “марш” күчүндө болгон. 80ден ашуун талапкер катталып, анын он чактысы эле саясатта аздыр-көптүр салмагы бар саясатчылар болсо, калганы “асман менен сүйлөшкөндөр” болуп чыккан.
Ошентип арадан алты жыл убакыт өтүп, кайрадан жаңы президентти шайлоо мөөнөтү жакындап калыптыр. Бул жолу андагыдай күрү-күү түшкөн талапкерлердин саны азырынча жок. Бирок, баягы эле өздөрүнүн образын бекем карманган “көзү ачыктар”, “өзүн өзү аябай баалагандар”, зериккен “бекерчилер”, “клоундар” дагы бир ирет президенттикке талапкер болуп калуу аракетин жасай башташты. Булардан сырткары коррупцияга шектелгендер, учурда сот жоопкерчилигине тартылып аткандар да талапкер болууда. Бул ирет жогоруда белгилеп кеткендей таржымалдары бар талапкерлер тууралуу сөз кылууну чечтик.
“Саясый клоундарды” салмактайбыз
“Чү” дегенде экс-Акыйкатчы Турсунбек Акундан баштайлы. Бул жарым-жартылай саясый “клоун” мындан 5-6 айча мурун ММК булактарына эки башкача маалымат берип келген. Тактап айтсак, ал жетектеген кайсы бир уюм алдыда өтө турган президенттик шайлоого Ө. Текебаевди көрсөтө турган болду деп бир чыкса, кайра эле мен талапкер боло турган болдум деп башка маалымат булагына саймедиреген. Ошондо окурмандар кайсыл Т. Акунга ишенерин билбей баштары катты эле.
Тээ Акаевдин доорунда да президенттикке талапкер болгон, бирок 0,1% да добуш топтой албай мыш болгону эсибизде. Ошого карабастан көрүнгөн жердеги митингдерде “Мен президенттикке талапкер болгон Т. Акунмун да” деп өзүн тааныштырып жүргөнүн көп көрчүбүз.
Ушул эрен буга чейин “Эгерде Бабанов же Сариев президент болуп калса, 7-кабаттан секирип өлөм” деп айткан эле. Бирок, бул оюнан эми бат эле кайтып калганын 29-июнда “Азия-Ньюс” гезитине курган маегинде билдириптир. “Биринчи экөөнүн кимиси өтсө куттуктайын да, андан кийин көрөбүз, балким 7-кабаттан секирсем деле аман калышым мүмкүн...” дептир ал. Эми ушул да олуттуу саясатчынын айта турган сөзүбү?
Т. Акундан сырткары дайыма эле президенттик шайлоонун алдында пайда боло калчу Доктор Апас деген бар экенин да билебиз. Бул эрен да жакын арада Кыргызстанга келип, президенттикке талапкерлигин коюушу күтүлүүдө. “Мендей адам 500 жылда бир жаралат” деп өзүн өзү көтөрө чалып мактаган мындай адамдан эмнени күтүүгө болот? Кыргыздар “өзүн мактагандан өлөрчө кач” деп айтып келет. Ушул эле сөз жетиштүү болсо керек.
Президенттикке талапкерлигин кое тургандардын дагы бири “Зима не будеть”, “Мен 500 жыл жашайм, андан кийин кайып болуп кетем” деген сөздөрү менен таанымал Арстанбек Алай аттуу “көзү ачык”. Эркин басылмалардын бири ал өзүнүн бизнесин кантип баштаганын мындан 5-6 жылча мурун жазып чыккан. Ага таянсак, Арстанбек Алай аялы экөө сүйлөшүп, Кытайдан келишкен уйгур бизнесмендерине аялын “салып берип”, анан кайра “менин аялымды зордуктадың, сотко берем” деген коркутуу менен 50 миң долларын алып, анан ага бензин ташып баштаган.Эми минтип өзүн өтө ыйык адамдардын катарына кошкусу келип жүрү.
Жумушсуздарга президенттик кызмат керек, башка кызматты аркалай алышпайт
Жумушсуздардын “армиясынан” Назарбек Нышанов жана Алмаз Каримов аттуу талапкерлер чыгууда. Улам эле бир бирикмени же уюмду түзө калып, анан анысын жыргатып иштетпей эле башкасына өтө кача берген Назарбек Нышановдун деги эмне иш менен алек болорун эч ким билбейт. Үй-бүлөсүн кайдагы каражатка багыт атканы да табышмак. Ал эми Алмаз Каримов аттуу жигитибиз өткөн 2011-жылдагы президенттик шайлоого да катышкан. Ошондо жадакалса анын жогорку билими да жок экендигин маалымат булактары жазып чыккан. «Жогорку билими жок туруп, президент болугусу келген «эр» жигит экен» деп тамашалагандар көп болгон. Учурда колоктоп бош жүрөт. Мамлекетке кошкон эч кандай салымы жок.
Ошол эле убакта саясый кырдаалга да, экономикага да оозун каалагандай чоюп “анализ” жүргүзө берүүчү Рита Карасартова аттуу айым да “Президент болом” деген амбиция менен уктабай жүрү. Бир мамлекетти башкаруу өзүнүн көз карашынын деңгээлинде гана “анализ” жүргүзүү иши эмес экенин кыязы ал түшүнбөй туру окшойт.
Коррупциялык “калбыры” барлардын амбициясын тыйчу бирөө барбы?
Булар бир тең дагы, ошол эле убакта коррупциялык оор кылмыштарга шектелген саясатчылардын амбициясы бир тең болуп туру. “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев партиясынын курултайын өткөрүп, элден биринчи президенттикке талапкер катары катталды. Алтургай өзүн торттун үстүнөн президент катары да көрүп алганга жетишти. Бирок, кече жакында эле премьер-министрлик кызматтан жол куруу тендерине байланыштуу ыргыганын, ага чейин 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин А. Бекназаров экөө 1 млн долларды кантип кымырып калуунун жолун телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, бир убакта Сокулук районунда элди түндүк-түштүккө бөлүп сүйлөгөнүн такыр унутуп калгандай болуп атат. Бирок, элибиз ал көрүнүштөрдү дагы деле унута элек. Андыктан бизге мындай президенттин кереги жок деп эмитеден эле айткандар толтура.
Ошол эле убакта коррупцияга шектелип камакка алынып, учурда сот жообуна тартылып аткан башкы “ата мекенчи” Өмүрбек Текебаев да президенттикке талапкерлигин өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен коюптур. Бирок, ал өзү деле эч качан президент боло албай тургандыгын, анын мындай мүмкүнчүлүгү Акаевдин доору менен кошо кыйрап калганын эң сонун билет. Өзгөчө 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийинки кыңыр иштери ачыкка чыккандан бери партиясы да жергиликтүү шайлоолордо таптакыр ийгилик жарата албай калды.
Ал эми азыркы учурда ал “Мегаком” компаниясын россиялык ишкерге алып бериш үчүн 1 млн. доллар пара алганы боюнча сот жообуна тартылууда. Буга чейин анын адвокаттары түрдүү шылтоолор менен сот процессин создуктуруп келишкен. Көрсө, алардын көздөгөнү эптеп Текебаевди президенттикке талапкер катары каттатып алуу болгон экен. “Өтпөсө да эптеп талапкер катары каттатып, анан талапкердин кол тийбестигин пайдаланып калалы” деген максаттары болгону ачык билинди.
Бабановдон “фантастика”, ишенбеген эл
Президенттикке аттанган Өмүрбек Бабанов Кыргызстанды өнүгүп жаткан 10 өлкөнүн катарына кошуу убадасы коомчулуктун эсин эки кылган чагы. Буга чейинки жүзөгө ашпаган убадаларын айтпай ак коелу, анын мындай кебине парламенттеги кесиптештери да ишенбей атканы. Маселен, “Ата Мекен” фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкматов “Азаттык” радиосуна курган маегинде муну жүзөгө ашкыс утопия катары сыпаттаган.
“Кыска аралыкта мамлекетибизди өнүктүрүп жиберүү кыйын. Парламенттик шайлоодо деле парасыз жолдор, жети пайыздык насыялар деп көп эле убадаларды берип келген. Ошол сыяктуу биздин элге ушундай жакшы, кооз убадалар майдай жагары көрүнүп турбайбы. Жанагыдай биз алты жылда өнүккөн 10 мамлекеттин катарына киребиз десе эл дуулдап колдоп жатат. Бирок мен саясатчы катары, реалист катары алты жылда өнүккөн он мамлекеттин бирине айланууну утопия деп эсептейм”, — дейт ал.
Бул башталышы гана, алдыда дагы “Бабановдон “фантастика” аттуу чыгармалар топтомун окуй берип эсибиз эки болчу күндөр жакындап келаткансыйт...
Амбициясын тыя албаган Акунович...
Учурдагы ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого партиядан тышкары, өз алдынча аттана тургандыгын кыйытты. Мына ушуну негиз кылып алып, айрым саясатчылар “КСДПнын ичинен ынтымак кетти” деп алып учуруп кетишти. Мындай тыянак чыгара салууга негиз барбы? Албетте жок.
Чыныбай Турсунбековдун өз алдынча президенттик шайлоого катышуусу – бул анын Конституциялык укугу болуп саналат. КСДП – бул социалдык, демократиялык партия. Партия ичинде авторитаризм жок. “Бир адамдын айтканындай гана болсун” деген позиция жок. Баардык маселе талкууланып, анан чечилет. Ошол эле убакта мүчөлөрүнүн өз алдынча кабыл алган чечимдерин да сыйлайт. Муну президент Алмазбек Атамбаев Россияга жасаган мамлекеттик сапарын Казанда жыйынтыктап жатып журналисттер менен жолугушуусунда да билдирген. «Бизде Кыргызстанда демократия. Эгерде ким талапкер болгусу келсе, ал боло алат. Бирок социал-демократтарда бир талапкер болот жана мен дагы ал талапкер Сооронбай Жээнбеков болот деп ойлойм. Калгандары тууралуу эмне айтабыз, кыязы мамлекетибизде 200дүн тегерегинде партиялар бар, өзүн-өзү көрсөтсө да болот. Эч ким үчүн эч кандай жолтоолук жок», - деген ал.
Чыныбай Акунович болгону өзүнүн күүлөнүп калган амбициясын кармана албай калган сыяктуу. Ашынган амбициянын жыйынтыгына ушу жылдын 15-октябрында күбө болобуз.
Кызыктар али алдыда...
Айтор, шайлоого катышууну көздөгөн, өз деңгээлине өздөрү туура баа бере албаган “талапкерлер” менен бул шайлоого катышууга бышып жетилген, тажрыйбасы мол талапкерлердин айырмасы асман менен жердей болуп атканын жалпы коомчулук көрүп турат. Андыктан “качанга чейин президенттик шайлоону “акылы ашынгандардын” “комедиясына” жана коррупцияга аралашкандардын жоопкерчиликтен кутулуу амалына айланта беребиз?” деген суроону жолдогондор арбын.
Мына ушуну мамлекет кызыкчылыгын ойлогон юристтер, мыйзам чыгаруучулар бир ойлонуп, “КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин алып чыкчу мезгил келгендей болуп туру. Биз президенттик шайлоону тамашага айлантпашыбыз керек. Андыктан “саясый клоундардын”, “бекерчилердин” шайлоону трагикомедияга айлантып жатканына жол бербегенге жол издеп көрсөк кантет? Ошол эле убакта биз ар бир шайлоонун алдында “Мамлекет башына таза адам келсе экен” деп тилек кылабыз. Демек, коррупцияга шектелгендер өздөрүнүн таза экендигин сот аркылуу тастыктамайынча шайлоого катышпай тургандай норма киргизүү керек болуп жүрбөсүн?