Бакыт Төрөбаев президенттик такка татыктуубу?
- Бакыт Төрөбаев президенттике татыктуубу? - деген суроого комплекстүү, салыштырмалуу жагдайда карабаса болбойт го деп ойлойм. Бакыт Төрөбаев 300 адам иштеген мекемени башкара баштап иш тажрыйбасын топтогон. Ал ишкананы атасы Эргеш Төрөбаев түптөп бергени эч талашсыз. 300 адам иштеген менчик ишкана жөнүндө Бакыт Төрөбаев өзү эле айтып жүрдү эле. Атасы ага байлык топтоп бербегенде – “Бакыт азыркы кезде ким болоор эле?” - деген суроого жооп табыш да кыйын болмок. Бирок, “Бакыт Эргешович Төрөбаев президенттике даярбы же даяр эмеспи?”- деген суроо, риторикалык суроо болуп калышы мүмкүн. Башкаларга салыштырмалуу кандайдыр бир даярдыгы бар. Бизнес тармагын жакшы өздөштүрүп, өзүнүн кызыкчылыгына жасаган иштерин “Эл үчүн, элдин жыргалчылыгы үчүн жасап жатам”,- деген урандарды пайдаланганды өздөштүрүп алды. Бизнес деген бизнес экен. Бизнесмен үй-бүлөөсүнүн жана өзүнүн кызыкчылыгы биринчи орунга койбосо, бат эле банкрот болот. Ошондо чиновник, депутат боло албайт, ал турган нерсе. Кайра эле, “татыктуубу же жокпу?”- деген суроого кайрылсак, башка талапкерлерден кем эмес акыл-эси бар. Жөндөмдүүлүгү да жок эмес. Саясатчы болуп калды. Саясатчы дегеним, калпты-чынды аралаштырып урмайды айтып жатам. "Эл үчүн жасаган иштеринен, өзү үчүн чоң пайда таап жаткан бизнесмен Кыргыз Республикасынын президенттиигине жарайт...
Булак: “Майдан. kg” гезити