Былыктары былый баштаганда Ө.Текебаев акыркы артиллериясын колдоно баштады. Анысы мындай: Кыргызстанда болгон ТВ менен ММКларга жарыялоо үчүн 2010 –жылдын 13-майындагы окуялардын хронологиясын кайтадан курап эл алдына алып чыгуу керек. Ошондо коомчулукта анын дегеле Маевский менен жолукпагандыгы жөнүндө ой пайда болот.
Калпты чындай кылып көрсөтүү үчүн “Ө.Текебаев ал күнү Супарага барган эмес, эртеден кечке наар албай конституциялык кеңешме өтүп жаткан Хаяттын тегерек үстөл баарлашуусунда отурган. Ортолукта түштөнүү үчүн үйүнө барган. Көргөн-билгендер четтен чыгат. Муну аялы Айгүл айым деле айтып берет. Жанында партиялаштары менен шакирттери да болгон. Өмүкең эзели жалгыз баспайт. Анан кантип Маевский менен жолугат?”. Таппасаң сыйпалап кал! Мунун баарын видео кылып кураш керек. Аны курап коюу Текебаевдин балдары үчүн “сокур ит бок жалаганча” дегендей эле кеп. Баары жакшы, сыдыргыга салгандай. Киши ишенээрлик. А бирок, “кашайып” ошол кеңешмени толук тартып алган телеканалдардын видеосун каякка жашырабыз, Өмүке! Ырас, видеоматериалдарда ал конституциялык кенешмеге катышканы чындык. Бир аздан кийин дайынсыз жоголуп да кеткен жери бар. Убактысы да бир топ. Каякта болгон? Не чечип жүрөт? Ырас, ошол күнү Маевский менен “Супарада” чайлашканы видеого түшпөй калыптыр. Биякта мамлекеттик масштабдагы конституция боюнча сөз болуп жатканда Супарадагы сухбат кирмек беле?
Текебаевдин жогорудагы даярдала турган видеосу тууралуу укканда УӨ мүчөлөрү колдоорун көккө көтөрүп, буттары менен жер тепкилешти. Ой да, Өмүке! “Жарайсың, колдойбуз!”- дешип агынан жарылышты. Буларды деле түшүнсө болот. Өз баласын ким эле баталгага башын тосуп берсин. Текебаевди темир тордон чыгаруунун амалында УӨ мүчөлөрү бүтүндөй жөө жомокторду ойлоп табышты. Мындай сюжет кыргыз эл жомогунда да жок. Жомогу мындай “илгери-илгери” ( ошол күнү) Бакиевчилер Ош менен Жалал-Абаддагы обладминистрацияларды басып алгандыгына байланыштуу (Сүйлөшүп алышкансып бакиевчилердин Маевский Москвадан учуп келгени Ошту басып алгандарын кара) Өкмөттө УӨ мүчөлөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүлгөн. Албетте, ал жерде кычыраган галстук тагынып Ө.Текебаев да отурган. Жыйындын акырында Түштүк жергесине УӨ атайын өкүлү И.Исаковду жиберүүнү чечишип, башка уюштуруу маселелери да каралган” имиш. Муну И.Исаков да куранды колуна алып далилдеп берет дешет. Текебаев бир күндө канчалаган мамлекеттик масштабдагы маселени
чечип жиберген. Чыныгы чыгаан ишмер деп ушуну айт. Деги адамдан амал качып кутулбайт.
“Ишенген кожом сен болсоң, алды-алдыңан тал карма”- дегендей УӨ мүчөлөрүнүн көзүрү Ө.Текебаевдин жүзү ачыкталып жатканда, калган “калпалар” кантээр экен? Айла кеткенде айткан сөз. Түштүк окуялары боюнча генералдын күнөөсү канчалык экенин өзү билээр? Текебаевдин июнь окуясы боюнча ролу жөнүндө сөзгө, башка УӨ мүчөлөрүнүн ошо кездеги жоопкерчилигине алигинче жете элекбиз го? Булардын баары бир кайыкта жүрүп бири-бири эмне кылганын жакшы билишет. Биз болгону булактын гана көзүн ачып жатабыз. Ал эми булакта эмне бар, муну Текебаев азырынча түшүндүрүп бере элек...
Сардар Белеков, "Майдан. kg" гезити