Бул тууралуу Боршайкомдон кабарлашты.
Өзүн өзү талапкерликке көрсөтүп жаткан 49 жаштагы Арстанбек Абдылдаев “Аурдин” ишканасын жетектейт.
Ал Арстан Алай деген ат менен да белгилүү. 2011-жылкы президенттик шайлоого катышкан. Ошол эле жылы кеңири коомчулукка "Зима не будет" (“Кыш болбойт”) деген сөздөрү менен таанылып, интернетте кызуу талкуу жараткан.
Быйыл 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт.