Кыргызстанда президенттик шайлоо болгон сайын коомчулуктун бүйүрүн кызыктырган ар кандай сюрприздер болот. Бул жолку шайлоо өнөктүгү да мындан куру болбойт окшойт. 


Өткөн жолку шайлоодо “Ата-Мекен” саясий партиясы жердин баарына кызыл чүпүрөк байлап, мазар кылып жатып эптеп-септеп парламентке илинген. Эми бул жолку  шайлоого партия “оптом” катышалы деп чечишиптир.  Партия лидери Ө.Текебаев темир тордун артында  жатса,  бул берендер Б.Шердин үйүнө чогулушуп, жыйынтыгында  “Ата- Мекен” партиясынын 9 мүчөсү президенттикке талапкер катары каттоодон  өтүүгө ниеттенип жаткандарын билдиришкен. Ө.Текебаев өз талапкерлигин коёмун дегенден сырткары булардын мындай күдүңдөшү таң калаарлык. “Президент болом” деген 9 берен ким болду экен (?) деген суроо жаралышы ыктымал. Альбетте, биринчи Б.Шердин өзү.  Анан А.Салянова, А.Шыкмаматов, К.Иманалиев, Н.Никитенко, Б.Сулейманов, Д.Чотоновдор.  Мына биздин президенттер! Саясий дымактарын кара. А балким бул жөн гана партиянын терең ойлоп табылган стратегиясыдыр. Кандай айткан күндө да  Өмүрбек Чиркешовсуз чечилген маселенин аягы бүдөмүк. Муну укканда Ө.Текебаев жан айласын таппай, бирде каткырып, бирде ыйлап, кыскасы  “шок” болгонун көргөндөр да бар.


Эмне  Кыргызстандын президенттигине өмүр бою өзүн татыктуу сезген Өмүрбекти Болот Шер тебелеп кетеби?  Ушулар президент боло алышабы? Текебаев терисине батпай бир топто барып өзүнө келиптир.


А чынында Текебаевден башка “атамекенчилерден” деле талапкер чыкпайт бекен. Чыгат. Мисалы, А.Саляновны алалы. Абдан амбициясы башынан ашкан айым. Акча десе акча, партия десе партиясы бар. “ Күчтүү Кыргызстан” саясий партиясы башкалардан эмнеси кем? Б.Шер болсо даана шер. Акчасынын санап түгөтө албайсың. Кичи мекенинде Шер үчүн туруп бере турган бир коктуга бата турган шайлоочулары бар.  Башкаларычы? Ооздору менен орок оргондон башка кыйраткан иши, калк арасында кадыр-баркы жок... Эми  Өмүрбек Чиркешовичтин тагдыры не болот?


Ө.Текебаев абактан кутулуунун амалында Атамбаев менен жолугушуп сүйлөшө турган адам тапппай жатыры. Бир жараса Б.Шер гана жарайт. Ал президентке кирип Текебаевдин тагдырын чечип чыгышы керек. Кептин ачыгы,  мамлекет башчысы баары мыйзам чегинде болоорун эскертет. Бул болсо Текебаев үчүн да, Б.Шер үчүн да шайлоо алдындагы  эң жакшы көбүртүп-жабыртылган “пиар” болуп калышы ыктымал.


Партиясын башкара албай жаткан Текебаевге ким ишенет да, ар намыс менен абийирлеринен эчак айрылган “ атамекенчилерди” ким колдой?. Арыдан бери болуп көкүрөк кергенден не пайда. Андан көрө кыргыз элине ак дилинен кызмат кылышса ошондо эл адамы болушпайт беле...


Арина Рысбаева

Булак: "Майдан. kg" гезити