15-октябрда боло турган президенттик шайлоого камылгалар азыртадан башталды. Алгачкылардан болуп, “Ак Шумкар” партиясы 19-июнда съезд өткөрдү. Иш-чаранын максаты - партиядан президенттик шайлоого талапкер алып чыгуу болду. Күтүлүп жаткандай, партиянын лидери Темир Сариевдин талапкерлиги көрсөтүлүп, келген делегаттар тарабынан бир добуштан колдоо тапты.
Съездге өлкөнүн ар кайсы аймагынан келген 398 делегат катышты. Ошондой эле белгилүү саясатчылар жана саясий партиялардын, этностук топтордун, эларалык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да жүрүштү. Коомдук, маданий ишмерлер, серепчилер да четте калышпады.
Жыйында Темир Сариев президенттикке ат салышуудагы программасын тааныштырды.
Саясатчы кеп башында Улуу Разаман айы менен катышуучуларды куттуктап, туткан Орозолору кабыл болушуна тилектештигин билдирди. Ошондой эле, алдыдагы президенттик шайлоонун ачык-айкын, адилет өтөөрүнө ишеними чоңдугун да белгиледи.
“Кыргыз - байыркы эл. Баатыр эл. Даңкы кылым карыткан калк. Көп улутка ата дегеним ошол. Байтактуу тарыхыбызды тактап, ата-тегибизди ар бирибиз билишибиз абзел. Бул биздин баа жеткис байлыгыбыз. Урпак катары милдетибиз, сыймыгыбыз! Ошол эле учурда өткөн менен мактана бергенибиз азыркы абалыбызды жакшыртпайт. Баатыр бабаларыбыз калтырган даңк, мурасына татыктуу иш аткара алдыкпы? Кээде өткөн тарыхыбызды апыртып да ашыкча мактанып кеткен жайыбыз бар. Өнүгүп өсөбүз десек, келечекке кең карайлы. Сын көз караш менен мамиле кылалы. Чындыктын тили менен сүйлөп үйрөнөлү,” – деди Темир Сариев.
Андан ары Сариев мамлекетти басып турган кыйынчылык кырдаал тууралуу да кеп салды. Белгилешинче, жарандардын чет өлкөгө жумуш издеп кетүүгө аргасыз болгондугу – мамлекеттин жоопкерчилиги.
Саясатчы программасындагы үч багытка төмөнкүдөй токтолду:
“Биринчиден, мамлекеттеги тартип. Аң-сезимибиз менен аракетибиздеги баш аламандык мамлекеттик башкаруу системасындагы, коомдогу адилеттик түшүнүгүн талкалап, мамлекет менен жарандардын мамилелерине доо кетирип жатат.Чынын айтканда, ээн баштык, өзүм билемдик көбөйдү.Ошондуктан, биринчи кезекте бардык тармактарды тартипке салуу зарыл. Мамлекетти тартипке салуу - бул мыйзамдын кынтыксыз диктатурасын орнотуу. Бизге темирдей тартип керек! Мыйзамды кызыкчылыгыбызга жараша өзгөртө бербей, өзүбүздү өзгөртчү мезгил келди. Мыйзам - баарынан улук, баарынан ыйык, баарынан бийик!
Экинчиден, калктын биримдигин жана Кыргызстандын руханий кайра жаралышын камсыз кылуу. Мезгил талабына жараша, бирок өз тамырыбызды унутпай өнүгүүбүз керек. Анын негизги шарты руханий жана экономикалык байгерчиликти камсыз кылуу. Биз XXI кылымда элибиз өз ордун, тарыхый миссиясын аңдап-түшүнгөндөй шарт түзүүбүз абзел. Бизге бирдиктүү улут, бирдиктүү эл керек. Ошондо гана ийгиликке жете алабыз. Албетте, адамдардын кулк-мүнөзү, көз карашы, кызыкчылыгы ар башка болушу мүмкүн. Бирок, өлкө жана коомдун өнүгүү жаатындагы негизги маселелер боюнча бирдиктүү көз карашты калыптандыруу зарыл. Биз - БИРГЕ гана, жаңы Кыргызстанды, жаңы кыргыз рухун жарата алабыз. Биз бөлүнүүнүн лимитин бүтүрдүк. Эми биригүүнүн убактысы келди.
Үчүнчүдөн, күчтүү экономика жана интеграцияны өнүктүрүү. Эң алгач коңшу жана өнөктөш өлкөлөр менен экономикалык интеграция саясатын улантышыбыз керек. Жарандарыбыздын жашоосун жакшыртып, экономиканы көтөрүү үчүн мындан башка жолубуз жок. Кыргызстан сыяктуу чакан өлкөлөр интеграциялык жараяндарга катышуу менен гана - эмгек, товар жана кызмат көрсөтүүнүн жаңы базарларын ача алат.
Бул жаатта биздин өлкө үчүн Евразия экономикалык биримдиги, Шанхай кызматташтык уюму жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюму эӊ ыйгайлуу өнөктөштөр болот. Эки жыл мурун биз Евразия экономикалык биримдигине кирдик. Мен муну Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп берген, тарыхый туура чечим болгон деп эсептейм”, - деп Сариев сөзүн сөзүн жыйынтыктады.
ххх
Сьезддин катышуучулары да жарыш сөзгө чыгышып, Темир Сариев тууралуу пикирлерин ортого салышты.
Асылбек Койбагаров, жаштар өкүлү:
- Темир Сариевдин жаштардын маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл бурганы катуу таасир берди. Ал келечек жаштардын колунда экенин таасын билет жана мамлекеттин жаш жарандарынын татыктуу жашоосуна бүт күч-аракетин жумшайт. Муну бийлик бутактарында иштеп келген убагында далилдеп берди. Мисалы, бир гана нерсени айтайын. Жаштарды турак-жай менен ипотекалык негизде камсыздоо программасын иштеп чыкты. Азыр үй-жайсыз жаш үй-бүлөлөр арбын экени талашсыз. Эгерде, буга мамлекет бир айла көрбөсө, Кыргызстандын ичинде иштөө менен үйгө жетүү кыйын. Үй алуу үчүн гана мигранттык тагдырды жонуна артынгандар толтура. Ошондой эле, Темир Сариевдин программасында жаш үй-бүлөгө 100 миң сом ссуда берүү да каралган. Бул каражат жубайлардын аз да болсо маселесин чечүүгө жардам берет. Ал ссуда балдардын төрөлүшү менен кыскарып жүрүп отурат. Мындай аракеттер жаштардын келечегине ишеним менен кароосуна мүмкүнчүлүк берет.
Гүлбара Барыктабасова, делегат:
- Тартип барда, тарбия бар. Тарбия барда келечек бар. Темир Аргенбаевичтин мамлекетке тартип орнотуу аракети колдоого алаарлык. Азыркы учурда коомдо терс көрүнүштөр көбөйдү. “Пулуң болсо, кулуңмун” деген заманда жашап атабыз. Мамлекеттик кызматтардан бир тастыктаманы алуу үчүн сөзсүз тааныш-билиш, же акча керектелет. Мурда “коррупция Акүйдүн жетинчи кабатына жетти”, - дейт элек. Азыр 7-кабаттан да ашып түшүп, айыл аралады. Айыл өкмөттөрү да коррупцияга батты. Мыйзам жарандардын баарына бирдей болушу керек. Азыр коом мыйзам диктатурасына суусап турат.
ххх
“Ак Шумкар” партиясынын сьездине белгилүү саясатчылардан Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков баштаган бир тобу да катышты. Бир чөйрөнүн адамдары бири бирине чоң жарышта ийгилик каалап, сөз сүйлөштү. “Бул жерде 98 пайызы Ак-Шумкарчылар олтурасыздар, сиздер үчүн бүгүн чоң салтанат болуп жатат десем жаңылышпайм. Мен бул жерден Сариевди колдогула десем, туура эмес болуп калат, сиздер бизге айтыңыздар, бизди “биригип колдогула” деп айтыңыздар. Кыргызстанда болгону 300дөй саясатчы бар, сиздер канча каралабаңыздар, сиздер канча кыйкырбаңыздар, өлкөнүн тагдыры ошол бир ууч саясатчынын колунда. Кимиси кандай багытты көздөйт, ал башка кеп. Бөлүнүүнү токтотолу, биригүүгө багыт алалы, биригишибиз керек. Темир Сариев такшалган, чындыкты сезе билген, акыйкатсыздык менен адамгерчиликти айырмалай алган мамлекеттик ишмер, Кыргызстанга ушундай лидер керек,”- деди Ахматбек Келдибеков.
Камчыбек Ташиев: “Бардык президенттикке талапкерлер өлкөнүн өнүгүүсүн каалашат. Президенттикке татыктуу инсандар көп, алар Мадумаров, Келдибеков, Төрөбаев жана Темир Аргенбаевич. Бүгүнкү күндө коомубуз, партиялар майдаланып кетти. Биздин бийликтин жүргүзгөн саясатынын негизинде бардыгыбыз чачылдык, төгүлдүк, таландык. Эми ушунун баарын бириктире турган адам келиши керек. Мамлекетибизде элимди, журтумду башкарам, элге, журтка кызмат кылам, эртеңки келечегин аныктайм деген уул-кыздарыбыз жок эмес. Кыргызда ушуга чейин “өсөр элге бир башчы, миң баатыр болот, өспөс элге миң башчы бир баатыр болот” деп айтылып келген. Баатыр көп болушу мүмкүн, бирок лидер бирөө болот. Ал өлкөнүн өнүктүрө ала тургандай болушу керек. Өлкө ушундай кыйын абалда турганда бизге элибиздин башын бириктирип, кырдаалдан алып чыга ала турган лидер керек”, - деп сүйлөдү.
Белгилүү кинорежиссер жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков бизге берген маегинде Темир Сариевдин талапкерлиги абдан керек экендигине токтолду: “Себеби, элде эки революциянын кооптонуусу бар. Дагы да шайлоо акыйкат өтпөй, чыр-чатак чыгабы деп коркуп турушат. Чатак кандай учурда чыгат? Бийликтин талапкери менен оппозициянын талапкеринин шайлоонун туура өткөнүнө шеги жаралганда. Темир Сариев ортодогу талапкер, демек, эки тарап тең курч кырдаалга барбайт, ошонусу менен баалуу талапкер. Бул киши орундуу сүйлөп, ойлонуп иш кылган, ката кетирбеген, интеллектуалдык деңгээли бийик адам экенин бир катар жогорку кызматтарда иштегенде далилдеп берди. Бул киши менин оюмча, бир гана Кыргызстандын интеллектуалдык катмары эмес, башка улуттардын, эларалык уюмдардын да колдоосуна ээ. Сабаттуу сүйлөп, туура иш кылганы үчүн колдошот. Мен көбүнчө иштерим менен башка өлкөлөрдө жүрөм. Ал жактан Сариев тууралуу жакшы гана пикирлерди угуп келем. Тайманбай, алгачкылардан болуп шайлоо иш чарасын баштаганы эле өзүнө ишенген адам экенин билдирет”.
“Майдан-пресс”, Булак: "Майдан. kg" гезити