- Сиздин президенттик шайлоого катышарыңыз тууралуу имиштер тарады, бул канчалык деңгээлде чындык?
- Имиш эмес эле бул чындык. Президенттик шайлоого катышабыз деп Кыргызстанда биз биринчи айтып чыкканбыз. Бирок,эмнегедир массалык маалымат каражаттарда мультимиллионерлердин гана ысымдары айтылып келип жатат. Алардын баары быйыл президенттикке коёбуз деп айтышса, былтыр 2016-жылы 9-октябрь күнү Кыргызстандын туңгуч саясий партиясы – ЭрК партиясынын 25 жылдыгына арналган салтанаттуу курултайында “президенттик шайлоого лидерибиз катышат” деген чечимди кабыл алышып, шайлоого алып чыга турган программаны да бекитип беришкен.
- Кандай максат менен президенттикке аттанып жатасыз?
- 1991-жылдан бери океанда навигатору жок кемеге окшоп сүзүп келе жаткан Кыргызстанымды талкалоочу чоң толкундардан сактап, ал кеменин капитаны катары “алдилеттүү мамлекет, ыймандуу коом” деген портко алып келгим бар. Эгерде мурдагы капитандардын кудурети, эрки жетишпесе, Кудайым колдоп чечкиндүү эрким менен баардык кыйынчылыктардан өлкөбүздүаман-эсен алып чыгып, алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошуп коюуга кудуретим жетет. Саясатка 1991-жылдан бери аралашып жүрөм. ЭрКтин лидери, Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты, Тунгуч Акыйкатчы (Омбудсмен), республикабыздын № 1 “Атайын жана Толук Ыйгарымдуу Элчиси” рангын алган дипломат катары мекенчилдигимди, чынчылдыгымды, берген убадаларыма турууну, жумушумду так аткарууну жана элим менен дайыма бир жана жакын болгонумду сөз менен эмес, иш жүзүндө далилдеп бергем.
- Жеңишке жетишем деп ойлойсузбу?
- Эгерде парламенттик шайлоолордун эң тазасы 1995-жылы, анан тазалыгы боюнча ага жакындаган шайлоо 2010-жылы өткөн болсо, бүгүнкү күнгө чейин бир да президенттик шайлоо таза өткөн эмес. Мен Гиннестин рекорддор китебине кире тургандай эле болдум. 2009-жылдагы президенттик шайлоодон тышкары, баардык шайлоолорго такай катышып жүрдүм. Бирок 1995-жылы зарыл болгон 50 миң адамдын колунун ордуна 58 миң кол топтосом да БШК мени шайлоодон четтетип салган.
Ошондо жаш саясатчы катары оппозициялык үч талапкерге ишенимдүү адам болуп жүргөм. Алар: Апсамат Масалиев, Медеткан Шеримкулов жана Мамат Айбалаев.
2005-жылы болсо адаттагыдай эле административдик ресурсту колдонуп, жасалма жол менен добуштарды сатууну колдонушуп, мага экинчи орунду “жазып коюшуп”, шайлоону бир тур менен “бүтүрүп” коюшту. 2009-жылы болсо БШКдан шайлоого катышам деген арызымды алдыртышып Малайзияга элчи кылып жөнөтүп жиберишкен….
Таза шайлоо өтсө жана Аллахым насип этсе, албетте, жеңишке жетишем. Элимдин көйгөйлөрүн жакшы билем. “Ток ачтын кадырына жетпейт” дегендей мен бар нерсеге ыраазы болуп жашаган пендемин, мультимиллионер эмесмин, эл кандай жашаса, мен дагы эл катарындамын.
Булак: “Каганат”, “Майдан. kg” гезитинен алынды