«Супер. kg» порталындагы түз байланышка келген саясатчы Адахан Мадумаров «Сиз президент болсоңуз коррупция менен күрөшөт белеңиз?»- деген суроого жооп берди.

 

«Коррупцияны токтотуу үчүн биринчи президент алкымын тыйыш керек. Ал алкымын тыйса эле, калгандарга үлгү болот. Президент өзү жеп-алып атса, башкалар да анын жолун жолдошот. Биринчи адам, бул жашоо кыска аялдама экенин, бул жарыкчылыктан чынгы дүйнөгө эч нерсе алып кетпей турганын билиши керек», - деди ал.