Ушунун өзүнөн эле Темикени эл аралык аренада аброю бийик саясатчы катары баамдап койгондор да жок эмес.

 

Мисалы, Темике катышкан Шанхайдагы жана Санкт-Петербургдагы экономикалык форумдарга көрүнгөн эле барып катыша бербейт, ага атайын ылгап, атайын чакыруу жөнөтүшөт. Шанхайдагы форумда Темир Сариев экономика багытында баяндама жасады. Мындай мүмкүнчүлүк баарына эле берилбейт. Форумдун алкагында Темир Аргенбаевич дүйнөнүн төрт бурчунан келген белгилүү саясатчылар менен пикир алмашып, жакшы жыйынтыктарга жетишти.

 

Мындан көп узабай Россия Федерациясынын президентинин кеңешчисинин атайын чакыруусу менен Темир Сариев Санкт-Петербург экономикалык форумуна катышты. Бул форумдун жүрүшүндө Темир Сариев экономикалык багытта бир топ адамдар менен жолугушууларды өткөрүп, өлкөгө пайда алып келе турган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ийгиликтүү кайтып келди. Бул эл аралык экономикалык форумдарга Темир Сариевдин атайын чакырылуусу анын эл аралык аренада аброю бийик, дасыккан саясатчы экенинен кабар берип турган жокпу? Айрым ичи тар, көралбаган ички душмандар жумурткадан кыр издеп, Сариевдин бул форумдарга катышуусунан саясат издеп, суу кечпеген ушактарды чыгарып жатканы өкүнүчтүү. “Ичиң күйсө туз жала” демекчи, өзүң андай боло албаган соң, бирөөнүн ийгилигин сындап, андан саясат издөө кыргызга жат нерсе.

 

 

Азамат Кантемиров, Булак: “Майдан. kg” гезити