Соңку кезде экс-чиновниктердин кайсы биринин ири суммадагы акча уурдагандыгы же чоң парага тигил же бул ишти чечип бергени жанылык деле болбой калды. Бирок, сүйлөсө тили менен буудай кууруган Акылбек Жапаров менен “Бир Болдун” баштоочуларынын бири болгон Игорь Чудиновдон эч ким шектенген эмес. Көрсө, Игорь Витальевич премьер-министр, Акылбек Үсөнбекович экономика-каржы министри болуп турган учурунда өздөрүн “унутпаптыр”.


2017-жылдын 29-майында Башкы прокурор И.Жолдубаева тарабынан өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү, учурда “Бир Бол” фракциясынан ЖК депутаттары Игорь Чудинов, Акылбек Жапаров, экс-министрлер Ч.Узакбаев, Т.Айдаралиев ж.б. адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-(“коррупция”) беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш иши 2009-2015-жылдар аралыгында бюджеттик ссудалардын эсебинен “Машинасыноо станциясы” акционердик коомуна 200 млн. сом акча каражаттарынын мыйзамсыз берилгендиги жана алардын максатсыз колдонуу фактысы боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан келип түшкөн  материалдардын негизинде ачылган.

 

Чогулган материалдарга ылайык, 2009-жылдын 17-июлунда КР премьер-министри И.Чудиновдун буйругунун негизинде, КР Финансы министринин атынан Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду (ЭӨМФ) ошол учурдагы мыйзам ченемдерин бузуу менен “МИС” ААКга кант кызылчасын өстүрүү жана үрөн тазалоо заводун реконструкциялоо максатында “2012-жылдын 31-декабрына чейин кутулат” деген жүйөө менен 200 млн сом бөлүп берген.

 

Белгилей кетсек, буйрукка кол коюлганга чейин Т.Шандецкая аттуу жаран (И.Чудиновдун кайын энеси) “Бишкекстроймонтаж” ЖЧКсынан “МИС” ААКнын 24 пайыз акциясын сатып алган. Ошондой эле “МИС” ААК акцияларына А.Жапарова (КР экономика жана каржы экс-министри А.Жапаровдун жубайы) жана башка адамдар ээлик кылып турган.

 

Андан кийин, КР каржы минстрлигине караштуу ЭӨМФ эки ирет (2012 жана 2015-жылдары) “МИС” ААКга мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп берилген карыздарды төлөө мөөнөтүн мыйзамсыз түрдө узарткан. 

 

2017-жылдын 1-мартына карата - “МИС” ААКнын КР Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы карызы 237 млн. 791 мин 75 сомду түзөт. Мындан тышкары, кылмыш иштин материалдары боюнча, “МИС” ААКнын 95 пайыз акциялары учурда КР ЖК депутаты А.Жапаровго байланышы бар адамдарга тиешелүү  болуп саналат.

 

Соттук эксперттин кортундусуна ылайык, “МИС” компаниясына түшкөн республикалык бюджеттин насыяларынан 68 млн. 248 миң 50 сому максатсыз пайдаланылган. 

 

“Ошентип, И.Чудинов, мурдагы айыл чарба жана мелиорация министрлери Ч.Узакбаев, Т.Айдаралиев, мурдагы экономика министри А.Жапаров жана башка адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Аталган кылмыш ишин тергөө КР МУККнын тергөө башкармалыгына тапшырылды”,- деп айтылат расмий маалыматта.

 

Баарынан да, жакында журналисттер журтчулугуна асылып, “алды кымбат баалуу унааларды айдап жүрүшөт, биз муну текшеришибиз керек” деп опурулган депутат Акылбек Жапаровго таң калып жатабыз. Бишкектин борборундагы “Дамас” конок үйүн кайсы акчага куруп алган десе, бул жакта бир мандем бар тура. Эми эмне деп актанаар экен?

 

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg гезити