Атамбаевдин балдары Максим менен Айдардай болуп, саясатка аралашып, мамлекеттеги ырыстуу нерселерди тартып албай, элдин көзүнөн оолак болгону менен президентке күйөө балдары көө сүйкөй баштаптыр.

 

Бизге жеткен маалыматка караганда, президенттин атын жамынып, анын атын күйөө балдары сата баштаптыр. Тагыраак айтканда, Кеминдеги күйөө баласы бирөөлөрдүн иштерин “тымызын бүткөрүп берем, каалаганыңды орундатам”- деп кимдир-бирөөлөрдөн акча алыптыр.

 

Бирок, иши оңунан чыкпай жатканбы, берген убадасын аткара албай, бизге маалымат берген адамдардын көзүнө чалдыгып калыптыр. “Бул кылыгыңды президентке жетиребиз”- десе, акелеп, жакелеп “ишти бүткөрөм” дептир. Кыскасы, президенттин атына жамынып иш кылган күйөө баласын куйругун толгоп, уяткарып  коюшуптур.

 

Өз каб.