Бишкек, «Саясат. kg». Каракол шаарындагы шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы тарады.
Бул тууралуу аталган шаардык кеңештин катчылыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн КСДП фракциясынын демилгеси менен депутаттар кезексиз сессияга чогулушат.
КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыккан. Эми алар «Өнүгүү-Прогресс» жана «Кыргызстан» менен коалиция түзүүгө ниеттенишүүдө.
КСДПнын белгилешинче, коалициядан чыгуу себеби «Табылга» фракциясы менен кө караштардын кайчы болуп калганы менен түшүндүрүлөт.
Кракол шаардык кеңешинде 31 мандат бар жана ал беш партияга бөлүнгөн.